понедельник, 23 июня 2014 г.

КИРИШҮҮ: «АДАМДАРГА СЫЙЫНУУ ДИНИ» ДЕГЕН ЭМНЕ?


Тарых бою кээ бир коомдордо Аллахтын адамдардан эмне каалаганы эмес, адамдардын бир-биринен эмне күткөнү маанилүүрөөк болуп келген. Кээ бир адамдар Аллахтын акыйкат китебинде кабар берген өкүмдөрүнөн, адамдарга буйруган жашоо калыбынан эч кабарсыз, өздөрүнө коомум жана социалдык чөйрөм каалагандай жашашым керек деп шарт коюп алышкан.
Учурдагы Куран адеп-ахлагына ылайык жашабаган коомдорду караганыңызда Аллахтын буйругу менен тыюуларын көп адамдардын толук билбегенин жана аларды орундатпай жатканын оңой эле көрө аласыз. Болгондо да бул жагдай көп адамдарды эч ойлондурбайт. Аллахтын кудурети, Анын ыраазылыгына жетүүнүн канчалык маанилүү экени, Анын буйруктарын аткарбаганда Аллах Кабатында кандай жазанын күтүп тураары эч ойго да келбей, көп адамдар буларды эстеп да коюшпайт. Бирок ал адамдар айланасындагы адамдардын алар жөнүндө эмне ойлоп жатканы, алардан эмнелерди талап кылаары, аларга өздөрүн жакшыраак көрсөтүү үчүн эмнелерди жасашы керек экени сыяктуу жагдайларга өтө көп маани беришет. Ал кишилер адамдарга Аллахтан көбүрөөк жакындык сезген бир системанын ичинде жашап, ал системаны туура эмес болушу мүмкүн деп ойлоп да коюшпайт.
Бул – өтө тамырлуу жана туура эмес бир көз-караш жана жашоо калыбы, адамдардын материалдык жана руханий мүмкүнчүлүктөрүн сарпташына себеп болгон, ал тургай, өмүрүн ушуга арнап койо турганчалык аларды таасири астына алган туура эмес бир ишеним. Бул ишеним өзүнүн буйруктары жана тыюулары, тууралары жана туура эместери болгон, болгондо да, бүт адамдарды аларга моюн сунууга мажбурлаган жалган бир динге айланган. Бул жалган дин өкүмчүлүк кылган коомдордо ар бир адам өзүнүн социалдык чөйрөсүнүн каалоолоруна ылайык даярдалган бул программага моюн сунууга мажбур болот. Себеби ошондо гана ал адамдардын арасында жашай алат; антпесе четке түртүлүп басмырланат. Башка адамдар көздөрү менен да, кыймыл-аракет жана сөздөрү аркылуу да аны ылдый көрөөрүн апачык сездиришет.
Мындай абалга түшпөө үчүн ал кишинин эртеден кечке, унутпай кайталашы керек болгон бир катар девиздери (ураандары) бар. Мисалы, мени эстүү дешсин, мээлүү дешсин, сулуу дешсин, жайдары дешсин, кишилер менен жакшы байланыш түзөт дешсин, жөндөмдүү дешсин; сараң, өзүмчүл дешпесин, аңкоо дешпесин, сабатсыз, караңгы дешпесин... Бул жалган динди тутунган киши булардын баарын, бир ибадат сыяктуу, дайыма жана эч калтырбастан орундатат. Айланасындагы адамдар андан ыраазы боло турган кулк-мүнөздө болуу үчүн болгон аракетин жумшайт. Буларды өтө тактык менен орундатуунун натыйжасында адамдарга Аллахка караганда көбүрөөк маани берген, аларды ыраазы кылуу үчүн ар кандай сунушту кабыл ала турган, бүт көңүлүн адамдарга бурган бирөөгө айланат. Эми бул киши адамдар бир-бирине кулчулук кылган жалган бир диний системанын ичине камалган болот. Тымызын өкүм сүргөн бул диндин туруктуу бир мүчөсүнө айланат.
Бул жалган (негизсиз) дин – Аллахты таштап адамдарга сыйынууга таянган бир дин. Адамдарды фанаттык бир көз-карандылыкка чакырган жана «адамдарга сыйынуу дини» деп атап койсок боло турган бул жалган ишеним бул китептин негизги темасын түзөт. Аллах Курандын көп аяттарында адамдарды бул туура эмес ишенимден кутулуп, Өзүнө гана кулчулук кылууга чакырган. Ал аяттардын бирөөсүндө мындай деп айтылат:

«Силер Аллахтан башка ар кандай путтарга (идолдорго) гана сыйынып жатасыңар жана ар кандай калптарды айтып жатасыңар. Чындыгында, силердин Аллахтан башка сыйынгандарыңар силерге ырыскы бергенге кудурети жетпейт; демек ырыскыны Аллахтан сурагыла, Ага кулчулук кылгыла жана Ага шүгүр кылгыла. Силер Ага кайтып барасыңар.» (Анкебут Сүрөсү, 17)

Биз бул китепте кээ бир адамдардын бул дүйнөлөрүнө да, акыреттеги түбөлүк жашоосуна да чоң кооптуулук жараткан жана аларды Аллахтын ордуна Ал жараткан адамдарды кудай тутунууга (Аллахты аруулайбыз) мажбурлаган бул шайтандык системанын түзүлүшүн жана адамдарды кантип башкарып алганын бүгүнкү күндөн кээ бир мисалдар аркылуу баяндап беребиз. Мындай адамдарга убакыт бар кезде бул жалган диндин сыйкырынан кутулуу үчүн эмнелерди жасоо керек экенин Куран аяттары аркылуу түшүндүрөбүз.
Бир жагдайды унутпаш керек: бул жалган дин дүйнөдөгү кээ бир коомдорду канчалык таасири астына алса да, эрки күчтүү жана акылы жайында болгон бир адам үчүн бул туура эмес системада жашоодон баш тартуу өтө оңой. Себеби Аллахка чын жүрөктөн ыйман кылуу, Андан башка Кудай жок экенине чындап ишенүү жетиштүү болот. Аллах ыйман кылган кулдарынын жолун ачып, аларды туура жолго салат. Куранды жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүн себепчи кылып, аларды караңгы жашоодон чыгарат. Аллах бир аятында ыймандууларды төмөнкүчө сүйүнчүлөйт:

Аллах ыйман кылгандардын велиси (досу жана колдоочусу). Аларды караңгылыктардан нурга чыгарат... (Бакара Сүрөсү, 257)


«АЛЛАХ ДАЙЫМА ЖАКШЫЛАРДЫ КОЛДОЙТ»



АДНАН ОКТАР... «Адамдардын туура жолдо, жакшылыкта биригиши анчалык кыйын нерсе эмес. Бирок туураны жана жакшылыкты жактагандар чечкиндүү, өтө эрктүү, бекем болушу керек. Болгону ушул. Ансыз да Аллах дайыма жакшыларды, кооздорду, туураларды колдойт, окуялар дайыма ошол багытта өнүгөт. Карап көрсөңөр, Аллах бизге дайыма күч жана мүмкүнчүлүк берип келет. Албетте, алдыбыздан көп тоскоолдуктар чыгып жатат, өтө көп тоскоолдук чыгып жатат, бирок дайыма жолдорубуз ачылып келатат.» (Урматтуу Аднан Октардын 2011-ж. 13-апрельдеги интервьюсунан)

АДАМ АЛЛАХКА КУЛЧУЛУК КЫЛУУ ҮЧҮН ЖАРАТЫЛГАН


Адам – Аллахтын жараткандары арасында аң-сезимдүү, туура менен туура эмести айырмалоо жөндөмү бар бир жандык. Ошондуктан Аллахтын бар экендигинин далилдерин, Анын улуу жаратуу кудуретин, дүйнө жана акырет жашоосунун чыныгы максатын түшүнө ала турган мүмкүнчүлүккө ээ. Бирок бул жогорку өзгөчөлүктөр ага бир катар жоопкерчиликтерди да жүктөйт. Себеби булардын баарын акылы менен түшүнө алган бир адам чыныгы кулчулук кылуу керек болгон күчтүн Аллах экенин жана Аллахтан башка кудай жоктугун түшүнөт. Ага дүйнө жашоосунда жүктөлгөн негизги жоопкерчиликтин Аллахка ыйман кылуу экенин аңдап-түшүнөт. Аллах Куранда кулдарына мындай дейт:

Асмандарды жана жерди эч нерсени өрнөк албастан жараткан. Анын кандайча баласы болсун? Анын бир түгөйү (аялы) жок. Ал бүт нерсени жараткан. Ал бүт нерсени билүүчү. Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 101-102)

Адамдар дүйнө жашоосунда издеген бейпилдик, бакыт жана ийгиликтин түбүндө адамдардын аларга жүктөлгөн жоопкерчиликти билиши жана бир гана Аллахка кулчулук кылышы турат. Бул коомдорго да тиешелүү жана коомдо бир тең салмактуулуктун орун алышын камсыз кылат. Ал эми тескериси болгондо; б.а. Аллахтын бар экенин жокко чыгаргандардын, Ал бере турган жазадан жана акырет күнүнүн натыйжаларынан коркпогондордун саны көбөйгөндө, бул тең салмактуулук бузулат. Адамдардын Аллахка кул экенин унутуп, башка нерселерге бурулушу натыйжасында адеп-ахлактык бузулуу, адамдык мамилелердин бузулушу, кызыкчылыкка таянган мамилелер, күчтүүнүн алсызды эзиши, таш боордук, заалымдык, алдамчылык, душмандык сыяктуу иш-аракеттер эл арасында кеңири тарайт. Мунун натыйжасында болсо үй-бүлө жана коом тартибине, өлкөнүн бейпилдигине жана дүйнө тынчтыгына коркунуч жаралат. Куранда адамдардын Аллахтын буйруктарын таштап өз каалоолорун ээрчишинин адамзатты олуттуу бир бузулууга алып бараары төмөнкүчө кабар берилет:

Эгер акыйкат алардын каалоолоруна карата болгондо, эч талашсыз, асмандар, жер жана алардын арасындагы бүт баары (жана бүт нерселер) бузулууга дуушар болмок. Жок, Биз аларга өздөрүнүн кадыр-барктарын (зикирлерин) алып келдик, бирок алар өз зикирлеринен жүз бурушууда. (Мүминун Сүрөсү, 71)

Бүгүнкү күндө көп коомдордо кеңири тараган жана адамдар дайыма арызданган бузулууга өздөрүнүн өзүмчүл каалоолорун ээрчиши жана Аллахка шерик кошушу себеп болуп жатканын ойлонушпайт. Ошондуктан маселенин чечүү жолун башка тараптардан издешет. Экономикалык, социалдык жана маданий реформаларды жасап, өлкөнүн байлыгын өстүрүп жана технологиясын өнүктүрүү аркылуу эле маселелерди чечүүгө болот деп ойлошот. Бирок, ширктен (Аллахка шерик кошуудан) толук тазаланмайынча жана адамдар арасында күчтүү бир Аллах ишеними орномоюнча, бул ыкмалар маселелерди толук чечпейт. Тынымсыз жаңы чечүү жолдору иштеп чыгылганы менен, Аллах буйруган сонун адеп-ахлакка карама-каршы иштер улантылганы үчүн бир дагы анык ийгиликке жетүү мүмкүн болбойт.
Кээ бир адамдар ичинде жашаган мындай караңгы жана кооптуу жашоо формасынан кутула алуунун, бейпил, коопсуз шарттарда жашай алуунун бир гана жолу бар. Бул жол – коомдогу кишилердин «адамдарга сыйынуу дининин» чеңгээлинен кутулуп, бир гана Аллахка ыйман кылышы жана Аллахтын Курандагы буйрук жана тыюуларына моюн сунушу. Бул бүт адамдардын кутулушу деген мааниге келет. Себеби адамды Аллах жараткан жана анын рухунун эмнеге муктаж экенин да эң жакшы Аллах билет. Куранда бул чындык төмөнкүчө кабар берилет:


Аллах (Анын) ыраазылыгын көздөгөндөрдү муну менен кутулуу жолдоруна жеткирет жана аларды Өз каалоосу менен караңгылыктардан нурга чыгарат. Аларды эң туура жолго багыттап-жеткирет. (Маида Сүрөсү, 16)

ШИРК ЖОЛУНА КИРГЕН БИР КООМ КАНДАЙ АБАЛГА ТҮШӨТ?


Бир коомдо «адамдарга сыйынуу дининин» өкүмчүлүк кылып жатканын түшүнүүгө көмөкчү боло турган кээ бир ишараттар бар. Алардын арасында эң негизгиси – бул адамдардын Аллахтын бар экенин жана дайыма алар менен бирге экенин унутуусунан келип чыккан капылеттик. Мындай капылеттикте жашаган жана Аллахтын ыраазылыгын унутуп адамдардын каалоолорун –дин адеп-ахлагына карама-каршы келсе дагы- орундаткан бир адам басмырланууга жана уят болууга да даяр болгон болот.
Буга бир топко кошулууну каалаган бир адамдын ал топтогу адамдар мени ийкемдүү экен дешсин жана араларына кошушсун деп Куранга эч туура келбеген мамилелерди жасашын мисал келтирүүгө болот. Туура эмес экенин билип туруп, адамдарга жагынуу үчүн гана ар кандай жаман иштерди жасай алган бир адам дүйнөдө да мунун абийир азабын тартат жана акыретте да абийирсиздигинин жазасын алат. Ал адам адамдарга жагындым деп ойлоп жаткан кезде Аллах анын чыныгы ниетин толук билип турат. Ал Аллахты унуткан болот, бирок Аллах аны ар дайым көрүп, жүрөгүндө жашырган ниетин билип турат. Адамдар анын мындай мамилелери үчүн ал жөнүндө жакшы ойдо болушса да, Аллах ал кишинин жасалмалыгын билип турат.
Мисалы, мүнөзүнүн өтө жаман экенин, жакыр жана муктаж адамдардын акысын жегенин, Аллах тыюу салган адилетсиз жолдор менен байыганын көрүп туруп, кызмат ордунда жогорулоо үчүн гана башкаруучусунун бүт мындай иш-аракеттерин көрмөксөн болгон кишини да Аллах көрүп турат. Ал киши башкаруучусу аны «иштемчил жана өтө берилген» десин деп болгон аракетин жумшап жатканда да, Аллах арам кылган бир ишти көрмөксөн болуп жатканда да, Аллах анын бүт ойлоруна жана сөздөрүнө күбө болот. Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн эч нерсе кылбай, кандайдыр бир адамдын ыраазылыгына жетүү үчүн жасагандарынын баары Аллах Кабатында жазыла берет.
Мына ушундай туура эмес ишенимдеги адамдар бирөөлөргө жакшы көрүнүү, аларды ыраазы кылуу үчүн чылбырын адамдар башкарган бир куклага айланып, алардан талап кылынгандарды –туура, туура эмес, арам, адал дебестен- толук орундатышат. Дүнүйөлүк каалоолоруна жана бир катар напсисинин эңсөөлөрүнө жетүү үчүн Аллахты унуттурган, Анын ыраазылыгын көздөөдөн алыстаткан жасалма бир системанын бөлүгүнө айланууну кабыл алышат. Адамдык намысын тебелеген, адамды басмырлаган жашоо калыбын кабыл алууга даяр болуп, башка адамдардын башкаруусунда, ыймандан келип чыккан адамдык салабаттуулуктан алыс, пас адам болуп жашашат. Мунун натыйжасында болсо, бир-бирине карата өтө алдамчы, сый-урматсыз жана эки жүздүү мамиле жасаган, чыныгы мааниде сүйүүнү билбеген, өз кызыкчылыктары үчүн гана жашаган коркунучтуу бир адам коомунун келип чыгышына себеп болушат. Өздөрүн чыныгы достук жок, толугу менен кызыкчылыктарга таянган мамилелер өкүмчүлүк кылган бир системанын ичине камашат. Өз колдору менен курган бул системанын ичинде болсо, Исра Сүрөсүндө кабар берилгендей, Аллахтын жардамынан жана мээриминен алыс, жападан жалгыз жана жардамчысыз калышат:

Аллах менен бирге башка кудайларды тутунба, антпесе жектелген жана өз башыңча (жападан жалгыз жана жардамсыз абалда) ташталган болосуң. (Исра Сүрөсү, 22)

Ширк (Аллахка шерик кошуу) жолуна түшүп, «адамдарга сыйынуу дининин» бир мүчөсүнө айланган кишилердин мындай абалга түшүшүнүн кээ бир себептери төмөнкүдөй.

Аллахты унутуп адамдардын ыраазылыгына жетүүгө аракет кылышы

Ширк жолуна түшкөн адамдар Аллахтын бар экенин жана ааламды толук башкарып тураарын унутушкан. Мындай капылеттиктен (билбестиктен) улам өзүмдүн көз-карандысыз бир күчүм бар деп ойлошот. Каалагандарымдын баарын жасай алам, пландагандай жашай алам, эч ким мага кийлигишпейт, өз жашоомду өзүм чечем деп ойлошот. Өзүнөн жогору эч бир бийликти кабыл албай, козголоңчу мүнөздө болушат. Аллахтын чексиз кудуретин, бүт нерсени башкарып тураарын, өздөрүнүн болсо алсыз кулдар экенин билмексен болушат. Бүт ааламдын Аллах белгилеген бир тагдыры бар экенин жана эч кимдин ал үчүн белгиленген бул тагдырдан сыртка чыга албашын түшүнө алышпайт. Натыйжада дүйнөдө өзүнүн каалоо-эңсөөлөрүнө карап гана жашоого аракет кылып, Аллахтын ыраазылыгын унутушат.
Бирок бул адамдар чындыктарды билбей, өздөрүн ушунчалык жоопкерчиликсиз сезип жүрүшкөндө, б.а. Аллахтын бар экенин унутуп жүрүшкөндө, Аллах дайыма алар менен бирге болот. Кылгандарынын баарын көрүп, Аллахты унутуп адамдардын ыраазылыгына жетүү үчүн жасап жаткан аракеттерин билет. Мисалы, бир адамга болгон сүйүүсүн далилдей алуу жана анын сүйүүсүнө жете алуу үчүн жасаган аракеттерине, өзүн сүйдүрүү үчүн өтө кылдаттык менен жасаган мамилелерине, кыскасы, бүт кылгандарына Аллах күбө. Куранда Аллахка шерик кошкондордун адамдардын ыраазылыгына жетүүнү көздөгөн аракеттери төмөнкүчө кабар берилет:

Адамдардын арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты көбүрөөк сүйүшөт... (Бакара Сүрөсү, 165)

Мындай мүнөздөгү бир кишиге сүйгөн адамы ал жөнүндө «мени чындап сүйөт, мени барктайт» десин деп жасаган аракеттерин жана каалоосун Аллахка карата жаса деп сунушталганда, бул сунушту кабыл албайт. Мисалы, беш убак намаз оку деп айтылса, чоң ыктымалдык менен бул сунушту кабыл албайт. Мүмкүнчүлүктөрүм жана убактым жетпейт, жумушум көп болгону үчүн намазга убакыт бөлө албайм деген сыяктуу шылтоолорду айтат. Себеби бул ибадатты жасаса социалдык чөйрөсүндөгү дээрлик эч ким аны мактап, ага суктанбайт. Б.а. анын туура эмес көз-карашы боюнча, бул ибадатты кылуунун ага материалдык бир пайдасы болбойт. Ал тургай, адамдардын ал жөнүндө «намаз окуп жатат, динчил болуп кетти, өтө өзгөрдү» дебеши үчүн дагы бул ибадатты кылуудан баш тарта турганчалык, капылеттикте болушу мүмкүн. Бул тандоосу натыйжасында бир канча адамга үстүртөн жакканы менен, Аллах кулдарына парз кылган маанилүү бир ибадатты жасабай, Анын чексиз сүйүүсү менен мээриминен ажыраганын сезбейт.
Ошондуктан Аллах Куранда кулдарын адамдардын ыраазылыгын көздөп, Анын ыраазылыгын унутуу коркунучу менен эскерткен. Адамдардын ар кандай ширктен өздөрүн тазалап, Аллахка кайрылып, намаз окушун бир аятта төмөнкүчө буйруган:

«Чын көңүлдөн толук моюн сунуп» Ага кайрылгыла жана Андан коркуп-тартынгыла, туптуура намазды окугула жана мушриктерден (Аллахка шерик кошкондордон) болбогула. (Рум Сүрөсү, 31)

Адамдардан Аллахтан корккондон көбүрөөк коркуу

Бир күчтөн же окуядан жүрөгүндө күчтүү бир коркуу сезүү адамга көп нерсени эң жакшы жасай турган бир эрк берет. Коркуунун күчү өз эрким менен жасай албайм деп ойлогон окуяларда да адамга күтүлбөгөн анык, так чечимдерди алдырат.
Адамдар жүрөгүндөгү терең коркуунун күчүнөн алардан эмне талап кылынса баарын жасай турган абалга келишет. Мисалы, жокчулукта калган жана шашылыш акча керек болгон бир адам бир жумуш сунушу алганда ага кире алуу үчүн колунан келгенинин баарын жасайт. Бул мүмкүнчүлүктөн эч кол жуугусу келбейт. Жумуш жөнүндө маектешкен кишилерге өзүн эң жакшы таанытууга аракет кылат. Ката кетирүүдөн коркот. Ал кишилерге өтө сый менен мамиле кылып, алар кулк-мүнөзүнө жана иш тажрыйбасына ишениши үчүн колунан келишинче аракет кылат. Ал ишкананын эрежелери, ар жерде иштеген кишилерден талап кылынган өзгөчөлүктөр сыяктуу маалыматтарды жолугушуудан (маектешүүдөн) мурда билип алууга жана маектешүү учурунда аларга карама-каршы келчү сөздөрдү айтпаганга аракеттенет. Бир саамга да өзүн бош коюп, туура эмес кыймыл-аракеттерди жасабайт. Келечеги жөнүндөгү коркуу жана тынчсыздануулары ага энергия берет. Ишканадагы жооптуу кишилер маектешүүдөн соң ал жөнүндө оң чечим чыгарышы жана ал жөнүндө пикирлерин билдирип жатканда «дал биз издеген киши» деши үчүн колунан келгендин баарын кылат.
Башка бир киши болсо жанында иштеген ишкана ээсине фирма ичинде ал каалабаган иштерди жасап жатып кармалып калуудан өтө коркот. Жумушунан кеч калбаганга, телефондон жеке сүйлөшүүлөрүн жасабаганга, кыскасы, ал ишканада коюлган талаптарга моюн сунганга аракет кылат. Фирмадагы башка жумушчулар да буларга этият бол деп эскертишет. Жумуш дисциплинасы жок, алаңгазар киши болуп көрүнүүдөн өтө коркот. Себеби мындай терс пикирлер дүйнөдө материалдык бир жоготууга учурашына себеп болуп, жакшы жашоодо жашашына тоскоол болот. Албетте, бир адам жумуш дисциплинасын билип, туура эмес иштерден качынышы керек. Бирок бул жерде ал кишинин адамдардан корккону жана алардан тартынганы үчүн гана дисциплиналуу болушу туура эмес болот жана натыйжада ал киши дайыма дисциплиналуу боло албайт дагы. Аллахтан коркпогон бир киши адамдар мени көрбөйт, алар мага эч нерсе дебейт деген учурларда бул дисциплинага туура келбеген ар кандай иштерди жасай алат. Ошондуктан адам жакшы, дисциплиналуу болуп жатканда да, өтө маанилүү бир чындыкты унутпашы керек: коркуу керек болгон жалгыз күч – бул Аллах. Адамдар сүрдөп, корккон, жогору көрүп тартынган кишилерди жана окуяларды жараткан жана контрольдоп турган Аллах. Аллах Кабатында алардын байлыгынын да, күчүнүн да эч мааниси жок. Алардын такыбалыгы (Аллахтан коркуусу) менен жакшы адеп-ахлагы гана маанилүү. Мындан тышкары, адамдар тагдырында жазылган окуяларга гана туш болушат. Бул мисалдагы кишинин тагдырында ал жумушка кирүү жазылган болсо, Аллахтан башка эч бир күч ал жыйынтыкты өзгөртө албайт. Ал тургай, канчалаган каталарды кетирсе да, Аллах кааласа, ал киши жумушка кирет. Бирок эгер тагдырында башка нерсе жазылган болсо, анда эмне гана кылбасын ал жумушка кире албайт. Аллах белгилеген тагдырдын сыртына чыга албайт. Куранда бүт окуялардын Аллахтын билүүсү жана каалоосу менен болоору төмөнкүчө кабар берилет:

Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде болгон ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Күмөнсүз, бул – Аллах үчүн абдан оңой. (Хадид Сүрөсү, 22)

Муну унутпаш керек: бул жерде мисал катары алынган киши ишке кире электе өлүп калышы да мүмкүн. Анда өмүр бою сезип келген дүнүйөлүк коркууларынын, адамдарды өзүнчө бир күчтөй көрүшүнүн эч кандай мааниси калбайт. Кылган аракеттеринин баары текке кетет. Акырет күнү пикирлерине өтө маани берген адамдарынын эч бири ага жардам бере албайт. Өмүр бою Аллахтын ыраазылыгын унутуп, адамдарды ыраазы кылууга аракеттенип, жасагандарынын жазасын миң жыл эмес, он миң жыл эмес, миллион же миллиард жыл эмес, түбөлүккө созула турган бир тозок азабы ичинде калып, алышы мүмкүн. Өмүр бою кылгандары үчүн тообо кылып, кечирим сурабаганы үчүн Аллах ал кишиге кылган кылмыштарынан жана жамандыктарынан улам түбөлүк бир тозок жашоосун бериши мүмкүн.
Мына ушул чындыктардын негизинде ойлонгондо, Аллах коркуусунун бүт мындай коркуулардан өтө өйдөдө турушу керек экенин жакшыраак түшүнөбүз. Куранда «... Аллахтан коркуп-тартынгыла жана чындап билгиле, силер Ага кайтарылып-топтолосуңар.» (Бакара Сүрөсү, 203) деп ушул улуу акыйкатка көңүл бурулган.


«АЛЛАХТАН БАШКА БИР НЕРСЕДЕН КОРКУУ АРАМ (КҮНӨӨ)»


АДНАН ОКТАР: Мен бир гана Аллахтан корком. Аллахтан башка бир нерседен коркуу арам. Аллах аятында муну айткан, «бир гана Менден корккула» дейт Аллах. Ансыз да эч логикага сыйбайт, Аллах жараткан нерселер, Аллахтын көрүнүшү катары пайда болушат. Башкача айтканда, Аллахтан башка коркула турган эч нерсе жок, эмнеге адамдардан коркушубуз керек? (Урматтуу Аднан Октардын 2009-ж. 13-июлундагы интервьюсунан)

КЭЭ БИР АДАМДАРДЫ БУЛ ЖАЛГАН ДИНДЕ ЖАШООГО ТҮРТКӨН ТУУРА ЭМЕС КӨЗ-КАРАШТАР


Ислам дининин өкүмдөрүн аткаруу, буйрук жана тыюуларына карап өмүр сүрүүнү кээ бир адамдар көп каалашпайт. Бирок ал кишилер адамдарды кудайдай кылып алган (Аллахты аруулайбыз) бир системада жашоону болсо өтө каалашат. Мындай парадоксалдуу абал адамдарга сыйынуу дини «адамдарды кандай убадалар менен алдайт» деген суроону ойго салат. Бул суроо жөнүндө ойлонгондо болсо мындай адамдардын Аллахтын кудуретин түшүнүүдө өтө сабатсыз экенин көрөбүз.
Аллахтын кудуретинин чексиздигин жана ааламды жаратуу максатын түшүнбөгөн адамдар өздөрү койгон, Куранга туура келбеген, караңгы түшүнүктөрү менен жашаганга аракет кылышат. Бул түшүнүктөр, бир жагынан, адамдарга сыйынуу дининин негиздерин түзсө, экинчи жагынан, адамдардын бул жалган (негизсиз) динде жашоо үчүн айткан шылтоолорун пайда кылат. Бирок Аллах Куранда ойлоп табылган шылтоолор менен пикирлерди айтып, атеисттигин өз оюнда кадыресе бир нерседей көрсөтүүнү каалагандар жөнүндө «Алар дагы эле жахилия (караңгылык) өкүмүн издеп жатышабы? Анык илим менен ишенген бир коом үчүн өкүмү Аллахтан да жакшыраак болгон ким бар?» (Маида Сүрөсү, 50) деп билдирет.
Бул бөлүмдө адамдардын Аллахтын акыйкат дининде жашоонун ордуна адамдарды ыраазы кылууну көздөгөн жалган бир динде жашап жатып кандай ойдон чыгарылган шылтоолорду айтаарына токтолобуз. Мындай туура эмес көз-караштардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

«Жашоо ушундай» деген жаңылыштык

Аллах адамдардын өмүрлөрүнүн ар бир көз ирмемин Куранда билдирилген өкүмдөргө, буйрук жана тыюуларга карап өткөрүшүн каалайт. Куран адамдардын туураны туура эместен айырмалашына негиз түзгөн, аларга жакшы жана жаман иштерди кабар берген, Аллах ыраазы боло турган жана болбой турган иштерди билдирген бир колдонмо. Ушул себептен Аллах Энъам Сүрөсүндө адамдарга бул куттуу китепти ээрчигиле деп буйрук берет:

Бул (Биз) түшүргөн куттуу бир Китеп. Демек Аны ээрчигиле жана коркуп-тартынгыла. (Балким) Ырайымга жетээрсиңер. (Энъам Сүрөсү, 155)

Бирок адамдардын көпчүлүгү Курандагы өкүмдөргө жана адеп-ахлак түшүнүгүнө ылайык жашашпайт. Ал тургай, Курандын Аллахтын буйруктары орун алган жана ээрчүү керек болгон бир китеп экенин да көп ойлонушпайт. Дин адеп-ахлагынын жана Курандын жашоолорунда канчалык маанилүү экенин билишпейт. Дин кээ бир багыттарда гана өмүрүмө жол көрсөтөт деп ойлоп жаңылыштык кетиришет. Кыйынчылыкта калып, чоң коркунучка туш болуп, катуу ооруп калып, өз күчү менен жеңе албаган бир коркууга туш болуп же өлүм сыяктуу олуттуу окуяларга туш болмоюнча, өздөрүнүн караңгы түшүнүгү жана акылсыздыгы менен, Аллахка кайрылуунун кереги жок деп ойлошот. Динге ылайык жашоо ар бир адамга керектүү экенин түшүнө алышпайт. Ошондуктан мындай түшүнүктөгү кишилер динден өмүр бою мүмкүн болушунча алыс турууга, дин жөнүндө араларында эч сүйлөшпөгөнгө аракет кылышат. Аллахтын атын эскерүүдөн да качынышат.
Бирок адамдар жашай алуу үчүн сөзсүз Аллахтын өкүмдөрүнө, Китебинде билдирген сонун адеп-ахлакка муктаж. Адам үчүн оңойу жана жакшысы – бул бизди жараткан Раббибиздин Китебиндеги адеп-ахлакка ылайык жашоо. Дин адеп-ахлагысыз эл жакшы болбойт. Себеби адамдын табиятын, б.а. жаратылганда берилген өзгөчөлүктөрүн эске албастан чыгарылган ар кандай эрежелер адамдарды да, коомдорду да бузуп, элдердин бузулушуна себеп болот. Коом кооптуу бир социалдык башаламандыктын ичине түртүлүп, адам мамилелери бузулат. Булардын натыйжасында дүйнө согуштардан, каргашадан жана зулумдуктан кутула албайт. Адамдар да динден алыстап, караңгы системанын эрежелерине моюн сунганга аракет кылган сайын руханий жана материалдык ар кандай азаптарга туш болушат.
Бүгүнкү күндө мындай терс натыйжалар көптөгөн өлкөлөрдө кеңири тараганы менен, чын жүрөктөн ыйман кылгандардан тышкары бүт адамдар «албетте, дин бар, бирок жашоонун чындыктары башка» деген жаңылыштык менен караңгылыкта жашоону улантышууда. Бул система диндин жашоодо сөзсүз керек экенин тануу пикирине таянат. Бул туура эмес көз-караш боюнча, адамдардын дин эрежелерине ылайык жашашы иш жүзүндө мүмкүн эмес. Мындай кишилер эгер дин адеп-ахлагы күндөлүк жашоонун ичине киргизилсе, дүйнөнүн ар кандай жыргалчылыктарынан ажырайм, кызыксыз өмүр сүрөм деп жаңылышат. Дин менен жашоо адамдардын жашоонун жыргалын сезишине тоскоол болот деп ойлошот. Албетте, бул чындыкка туура келбейт. Дин адам руху эң бейпил, эң бакубат жана чыгармачыл боло турган бир коомдук жашоону алып келет. Өздөрүн «жашоонун чындыктары ушундай деген калптан» куткарып дин менен жашаган адамдар коомдо руханий жактан эң чың, жакшылык, сулуулуктардан эң көп ырахат алган кишилер болот, жана дайыма тынчтык, толеранттуулук жана жардамдашуу шарттарынын түзүлүшүндө алдыңкы рольду ойношот.
Динден алыс кишилер болсо өздөрүнүн төмөн акылы менен жакшы адеп-ахлактуу болууну бир алсыздык жана акылсыздык деп ойлошот. Мисалы, бир адам башкалар үчүн канчалык жан аябастык кылса дагы, башкалардан өзүмчүл мамиле гана көрөт, ошондуктан жан аябастык кылып акылсыздыкка түшөт деп ишенишет. Ошондуктан көп коомдордо жан аябастык кылган кишини «ниети түз, бирок акылсыз» деген маанайда карашат. Себеби эч кызыкчылык күтпөй, башка бирөөгө жакшылык кылып, кылганы үчүн бир акы сурабайт. Алардын ою боюнча, өзүмчүлдүккө өзүмчүлдүк менен, кекенүүгө кекенүү менен, душмандыкка душмандык менен, жаман көргөнгө жаман көрүү менен жооп берүү жашоонун чыныгы жүзү болуп саналат.
Же ага дайыма жамандык кылган, зыян тийгизген бир адамга жакшы мамиле кылып, анын жакшы мүнөздүү болушу үчүн аракет кылган, ага кылган жамандыктарды кечирген бир адамдын кылган мындай жакшылыгы караңгы коом тарабынан чыныгы бир наадандык катары бааланат. Кээ бир адамдар мындай жакшы мүнөзү үчүн ал кишини «канчалык акылсыз киши экен, мен болгондо колумда мүмкүнчүлүк турганда өч алмакмын, керектүү жообун бермекмин» деген сыяктуу сөздөр менен басмырлашат. Себеби Куран адеп-ахлагынан алыс жашаган адамдардын «жашоонун чындыктары» логикасы боюнча, жамандыкка жамандык менен жооп берүү «эң туурасы» болот. Караңгылык түшүнүгүндө өтө кеңири тараган мындай туура эмес көз-караш бир душман эч качан чыныгы дос боло албайт деген жаңылыш пикирди жактайт. Ошондуктан киши канчалык жакшылык кылса да ортодогу душмандык жоголбойт, тескерисинче жакшылык кылган тарап гана мындан утулат дешет. Коомчулук ал кишини өзүнө жасалган жамандыкты түшүнө албаган, алсыз бир адам катары көрүшөт.
Мындай туура эмес көз-карашта жашаган адамдар өз ойлорунда андай абалга түшүүдөн сактануу үчүн «жашоонун чындыктары» көз-карашын бекем карманып, адамдардын сөздөрүнө, ойлоруна өтө маани бериш керек деп ойлошот. Себеби бул киши адамдардын айткандарына өтө маани берип, өзүмдү адамдарга канчалык жакшы көрсөтө алсам, коомдо ошончолук жакшы орунга жетем деп ойлойт. Эл ыраазы болгон соң дүнүйөлүк максаттарга жетүүдө ар кандай жаман мамилелерди сөзсүз жасай бериш керек дейт.
Ал эми Куранда болсо Аллахтын адамдардан чын ниеттүү жана бир гана Анын ыраазылыгын көздөгөн, ким эмне дейт деп ойлонбостон, жакшы адеп-ахлактуу болууну талап кылаары кабар берилет. Раббибиз кулдары арасында бул жерде айтылган караңгы көз-карашка карама-каршы бир адеп-ахлактын өкүмчүлүк кылышын буйрук кылат. Куран боюнча, бир адам ага жасалган жамандыкка жакшылык менен жооп бергенде гана Аллах Кабатында жакшы бир адам боло алат. Мындан тышкары, мындай мамиле душмандыктын ордуна күчтүү достуктардын курулушуна себепчи боло турган маанилүү бир кадам болот. Аллах муну Куранда төмөнкүдөй сүйүнчүлөйт:

Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт. Жамандыкка сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо (көрөсүң) сени менен анын арасында душмандык бар киши жакын бир дос(уң) болуп калат. (Фуссилет Сүрөсү, 34)

Бир эле жамандык кылган кишиге кандай мамиле кылууда эмес, ар кандай иш-аракетте Куран адеп-ахлагында болуу – жалгыз гана кутулуу жолу. Жашоонун чыныгы максаты – бул Аллах ыраазы боло турган бир кул болуу; ал үчүн эч кызыкчылык күтпөстөн жакшылык кылуу, жан аябастык кылуу, адилеттүү, туруктуу, сабырдуу, жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарууда чечкиндүү болуп, толугу менен Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн бир адам болуу керек. Бирок Куранда кабар берилген адеп-ахлакты кабыл албаган караңгы адамдар өмүр бою уруш-талаш жана бейпилсиздикте жашап, муну жашоонун бир чындыгы деп ойлошот. Алдамчылык кылбай, өзүмчүл, тымызын, эки жүздүү болбой, жакшы адеп-ахлактуу болуп, жакшы жашоого болооруна эч ишенишпейт. Дүйнөнү өздөрү айткандай «бир бөрүлөр дасторкону» же «күчтүүлөр гана жашай ала турган бир арена» деп билишет. Түбөлүккө созула турган акырет жашоосунун бар экенин унутуп, кыска дүйнө жашоосун гана көздөп жашашканы үчүн «дүйнөдө эмне кылсам боло берет» деген жаңылыштык менен динден алыс жашашат. Эрежелерин адамдар ойлоп тапкан жасалма бир дүйнөгө камалып, кудайдай көргөн адамдарга (Аллахты аруулайбыз) толугу менен бир кулдай моюн сунушат. Мунун натыйжасында болсо Аллахтын буйруктарына моюн сунбай коюунун оор натыйжаларын аркалап, дүйнөдө басмырланып жашашып, акыретте болсо мындан алда канча оор бир азапка туш болушат. Алардын мындай абалы Куранда төмөнкүчө кабар берилет:

Ал шерик кошкондор шерик кошкондорун көрүшкөндө: «Раббибиз, Сени таштап биздин сыйынган ортокторубуз (шериктерибиз) ушулар» дешет. (Алар болсо буларга:) «Силер чындап калп айтып жатасыңар» деп сөздү (кайтарып) чабышат. Ал күнү (эми) Аллахка моюн сунушкан болот жана ойдон чыгаргандары (жалган кудайлары) болсо алардан алысташат. Чындыкты танып Аллахтын жолунан тоскондор; Биз кылган бузукулуктары үчүн аларга азап үстүнө азап коштук. (Нахл Сүрөсү, 86-88)

Анан аларга айтылат: «Силердин шерик кошкондоруңар кайда? Аллахтан башка (сыйынгандарыңар).» «Бизди таштап жоголуп кетишти. Жок, биз мурда эч нерсеге сыйынчу эмес экенбиз» дешти. Аллах каапырларды мына ушундай жаңылтып-адаштырат. Бул силердин жер жүзүндө ашыкча көөп-адашканыңар жана чектен чыкканыңар үчүн. Ичинде түбөлүк кала турган тозоктун эшиктеринен киргиле. Эми бой көтөргөндөрдүн (текеберлердин) коноктолуучу жери кандай жаман. (Момун Сүрөсү, 73-76)

«Көпчүлүк ушундай кылат» деген жаңылыштык

Көп адамдарды диндин талаптарын орундатуудан тоскон себептердин бири – бул, башынан бери айтылып келе жаткандай, ал кишилерди айланасындагылардын алар жөнүндө эмне дешинен, кандай ойдо болоорунан көз-каранды кылган «адамдарга сыйынуу дини». Бул жалган дин өз күчүн «көпчүлүк кылып жатат» деген жаңылыштыктан алат. Себеби кээ бир коомдордогу адамдардын көпчүлүгү адамдарга сыйынуу дининин негизинде жашашат. Ал болсо көбүнчө атадан балага өткөн, эч ким каршы чыга албаган бир салтка айланган. Жана ал кишилердин коомдун көпчүлүгүн түзгөндөй көрүнүшү башка кээ бир адамдарды да жаңылтып, аларды туура эмес жолдогу көпчүлүктүн чыгарган эрежелеринин тууралыгына ишендирүүдө. Ал эми Куранда болсо Аллах Мусулмандарга мындай буйрук берет:

Араларында Аллахтын түшүргөнү менен өкүм бер жана алардын каалоолорун укпа. Аллахтын сага түшүргөндөрүнүн бир бөлүгүнөн сени адаштырбашы үчүн алардан этият бол... (Маида Сүрөсү, 49)

Аятта да айтылгандай, Аллах адамдарга туура эмес жолдогу көпчүлүктү жана алардын ойлоп тапкан эрежелерин ээрчибегиле деп буйрук берүүдө, алардын арасында Куран менен өкүм берүүнүн жалгыз кутулуу жолу экенин кабар берүүдө.
Бирок көпчүлүк адамдар абийирлери (жүрөктөрү) кабыл албаса да өздөрүн көпчүлүктүн жашоо калыбына көндүрүүгө мажбурлашат. Муну коомдун бир индивиди болуунун шарты катары көрүшөт. «Бул элдин арасында жашап жаткандан кийин алар койгон эрежелерге жана алардыкы сыяктуу жашоо калыбына моюн сунушубуз керек» дешип, акыйкат бир диндин буйругундай көрүп, өздөрүн аларга моюн сунууга мажбур сезишет.
Диндин чыныгы маанисин түшүнбөгөн бул адамдар дүйнөдө –Аллахтын буйруктарынан тышкары- бүт адамдар моюн сунушу керек болгон бир катар эрежелер бар деген жаңылыштыкка түшүп, өздөрүн ар бир адам ал эрежелерге моюн сунууга мажбур деп ишендиришет. Коомдогу адамдарды ыраазы кылууну эң негизги милдеттеринин бири катары кабыл алышат. Ошондуктан коомдун «башкалар эмне дейт, адамдар кандай карашат, эмне деп ойлошот, мени жакшы адам дешсин, акылдуу, мээлүү дешсин, бай дешсин, жоомарт дешсин, мен жөнүндө мындай деп ойлошпосун, мындай дешпесин, мындай деп айтышпасын» деген туюк айлампага айланган көз-караштарынын ичинен чыга алышпайт.
Чындыгында болсо, көпчүлүктүн жашоо калыбы, моюн сунган жасалма эреже жана жазалары адамдарды туура жолго салбайт. Тескерисинче, Аллах Куранда көпчүлүктү ээрчүүнүн адамды туура жолдон адаштыруучу бир коркунуч экенин төмөнкүдөй кабар берет:

Жер бетиндегилердин көпчүлүгүн ээрчисең, сени Аллахтын жолунан адаштырып-азгырышат. Алар күмөндөрүнө гана таянышат жана алар жалаң гана «күмөн жана божомол менен» жалган сүйлөшөт. (Энъам Сүрөсү, 116)

Ошондуктан көпчүлүктүн Куранга карама-каршы бир жашоо калыбын тандашы, адамдарга шылдыңчыл, заалым мамиле жасашы, үй-бүлөлөрүнө, ал тургай, өлкөлөрүнө орой мамиле кылышы, Аллах арам кылган иштерди эч ойлонбой жасашы ал коомдогу башка кишилерди жаңылтпашы керек. Мындай адамдардын элдин көпчүлүгүн түзүшү да адамдардын каталар кетиришине бир шылтоо боло албайт. Мисалы, бир элдин баары жолдон адашып отту, күндү же жылдыздарды өздөрүнө кудай тутунуп, аларга сыйынып жатышса да, бул башка бирөөнүн муну туурап, жолдон чыгышына шылтоо боло албайт. Же бир коомдо сойкулукка, алдамчылыкка, заалымдыкка, уурулукка жана ушул сыяктуу иштерге эч ким унчукпаса, бир киши «көпчүлүк муну кылып жатат» деп туура эмес ойлоп, мындай иштерди жасай бере албайт. Же бир элде байлар гана урматталып, жакырлар, жакшы мүнөзүнөн тышкары эч кандай материалдык күчү болбогон адамдар эзилип жатса, бул башка адамдарды да мындай түшүнүккө түртпөшү керек. Тескерисинче, кээ бир адамдардын абийирлери кабыл албаса да, көпчүлүктүн сындашынан коркуп мындай заалым көз-карашты кадыреседей көрүшү чоң бир абийирсиздик болот. Себеби бир адамдын элдер сындайт, элден бөлүнүп калам же элдерге жаман көрүнөм деп коркуп, жүрөгүнөн туура экенин билип туруп бир нерсени жасабашы акылга жана абийирге туура келбейт. Куранда Аллах Мусулмандардын маанилүү бир өзгөчөлүгү катары адамдардын сынынан коркпошун кабар берет:

Эй ыймандуулар! Силерден ким дининен кайтса, Аллах жакында ушундай бир коом алып келет; Ал аларды сүйөт, алар да Аны сүйүшөт. Момундарга карата жөнөкөй, каапырларга карата намыстуу жана катуу (болушат). Аллах жолунда жехд  кылышат (аракет кылышат) жана эч бир сын таккандын сынынан коркушпайт. (Маида Сүрөсү, 54)

Башка бир сүрөдө болсо Ибрахим пайгамбардын жана анын жанындагы ыймандуулардын аларды сындаган адамдардан тартынбай, чечкиндүүлүк көрсөтүшкөнү мисал катары берилет. Аз. Ибрахим (ас) жана жанындагылар көпчүлүгү путтарга сыйынган бир коомдо жашашкан. Бирок канча сындарга, коркутууларга карабастан, адамдардан эмес, бир гана Аллахтан коркушкандыктан, ал коомдун туура эмес иштерине өтө каршылык көрсөтүшкөн. Куранда бул төмөнкүчө кабар берилет:

Ибрахим жана анын жанындагыларда силерге сонун бир өрнөк бар. Өз коомдоруна мындай дешкен эле: «Биз силерден жана Аллахтан башка сыйынган нерселериңерден чындыгында алыспыз. Силерден (эми) тааныбай-баш тарттык. Силер менен арабызда, силер Аллахты жалгыз деп ыйман келтиргенге чейин, түбөлүк бир душмандык жана бир кек пайда болду.» (Мүмтехине Сүрөсү, 4)

Аз. Ибрахим (ас)дын мындай чечкиндүүлүгү үчүн мушрик (Аллахка шерик кошкон) коому аны жазаландыруу чечимин алган. Бирок, ошондо да, Аз. Ибрахим (ас) Аллахка моюн сунуучулукта чечкиндүүлүк көрсөткөн. Аллах мындай сонун мүнөзүнөн улам аны коомунун азабынан куткарган:

«Жонуп алган нерселериңерге сыйынасыңарбы?» деди, «силерди да, кылып жаткан (иш)териңерди да Аллах жараткан.» «Ал үчүн (бийик) бир имарат куруп, аны алоолоп күйгөн оттун ичине таштагыла» дешти. Ушундайча ага бир тузак кургулары келди. Биз болсо аларды басмырлангандар кылдык. (Ибрахим) Мындай деди: «Күмөнсүз, мен Раббиме барам; Ал мени хидаятка (туура жолго) жеткирет.» (Саффат Сүрөсү, 95-99)

Бирок адамдардын көпчүлүгү бул мисалдагыдай чечкиндүүлүк кыла алышпайт. Жүрөктөрү Аллахтан алыс болгону үчүн, абийирлерин (жүрөктөрүн) да угушпайт. Абийирлеринин алдына «көпчүлүк кылып жатат, көпчүлүк кылып жатса туурасы ушундай» деген караңгы көз-караштар менен парда тартып, Аллахтан алыс, адамдардын ыраазылыгын алдыңкы планга коюп жана алардын сынынан коркуп өмүр сүрүшөт. Чындап эле «адамдар эмне дейт», «досторум мени менен сүйлөшпөй койот, мени бөлүп коюшат», «баары кылып жатат, мен да кылайын» деген сыяктуу ойлор адамды Аллахтан башка нерселерге сыйынган, (Аллахты аруулайбыз) Курандан толугу менен алыстап дүйнөнү көздөгөн бир адамга айлантышы мүмкүн. Мунун натыйжасында кээ бирлери заалымдыкты жактырган, боорукердик, мээрим, сүйүү, урмат дегенди билбеген, кээ бирлери акчаны, кызматты гана негиз туткан, адамдыктан, сонун адеп-ахлактан алыс бир көз-карашта болууну кадимки нерседей көрөт. Чөйрөсүндөгү көпчүлүк заалым, шылдыңчыл, жаман мүнөздүү болсо, аларга каршы болсом мени бөлүп коюшат деп аларды туурайт. Башчысы бир киши жөнүндө жакшы ойдо болсо, ал киши өтө уятсыз болсо да ал жөнүндө оң ойдо болот. Же директору бир киши жөнүндө терс ойдо болсо, ал кишинин чындыгында кандай киши экенин эч изилдебестен ал киши жөнүндө жаман сөздөрдү айтат. Мындай адамдар Аллах жана дин аларга толугу менен унуттурулганы үчүн, көпчүлүк ушундай кылып жатат деген пикирде жашай беришет. Өз алдынча, жеке бир мүнөздүү боло алышпайт. Баары ушундай жашайт, ушундай кылат, ушундай ойлонот деген туура эмес көз-карашта, жогоруда айтылган топторго окшогон бир социалдык чөйрөнүн мүчөсүнө айланышат. Кайсы жакты караса өздөрү сыяктуу көпчүлүктү ээрчиген, адамдардын ыраазылыгын негизги максат туткан кишилерди көрүшкөндүктөн, өздөрүнүн кызыктай мүнөздө жашап жатканын байкашпайт.
Муну унутпаш керек: адамдар жогорудагы мисалдарда кыскача каралгандай, Аллах ыраазы боло турган жашоодон башка бир жашоо калыбын тандашкан болсо, көпчүлүктү ээрчүү логикасы аларга эч бир пайда алып келбейт. Аягында акылы пас жана адеп-ахлагы бузулган адамдардан турган бир коом дүйнөдө чоң бир башаламандыктын ичине кирет. Өз кызыкчылыгын гана ойлоодон келип чыккан уруштар, душмандыктар, жек көрүү, көрө албастык сыяктуу адамзат качынышы керек болгон сезим жана ойлор адамдар арасында өтө тездик менен тарайт. Жана дүйнө жашаганга оор, бейпилсиздик менен башаламандык өкүмчүлүк кылган бир жерге айланат. Бул Аллахтын Ага шерик кошкондорго дүйнөдө берген жазасы. Акыретте бул кишилерди мындан да оор бир азап күтөт. Куранда бул төмөнкүчө кабар берилет:

Булар жер жүзүндө (Аллахты) күчсүз кыла алышпайт жана булардын Аллахтан башка достору жок. Азап алар үчүн эсе-эсе көбөйтүлөт. Булар (акыйкатты) угууга күчтөрү жетчү эмес жана көрүшчү да эмес. Мына ушулар өздөрүн зыянга учураткандар жана жалгандан ойлоп чыгаргандары (жасалма кудайлар да) алардан алыстап-жоголду. Эч күмөнсүз, булар – акыретте эң көп зыян тартуучулар. (Худ Сүрөсү, 20-22)


«Чындыктарды эч ким билбей, бир эле сен билесиңби» деген логика

Коомдун бир бөлүгүн Аллахка ишенүүдөн алыстаткан жана адамдарды кудайга айланткан (Аллахты аруулайбыз) бул жалган системанын шылтоо катары көрсөткөн дагы бир жаңылыштыгы – бул чындыктарды көрмөксөн болуу же толугу менен четке кагуу. Караңгы коомдордун көпчүлүктү ээрчүү логикасы ыймандуулардын сөздөрүнө кулак салбаганга да себеп болот. Мусулмандар аларды Аллахтын буйруктарын угууга жана бир гана Аллахка ыйман кылууга чакырышканда, бул адамдар аталары алып келген негизсиз эрежелерге жана туура эмес ишенимге ишенишээрин айтып башташат. Коому аларга үйрөткөн негизсиз эрежелерден жана жашоо формасынан кайтпай турганын айтышат. Куранда Аллах мындай туура эмес түшүнүктү төмөнкүчө сүрөттөйт:

Аларга: «Аллах түшүргөндү ээрчигиле» деп качан болбосун айтылганда, алар: «Жок, биз аталарыбыз кылган нерсени (салтты) ээрчийбиз» дешет. Аталарынын акылы эчтекеге жетпей, туура жолду таба албаган болушсачы? (Бакара Сүрөсү, 170)

Караңгылык дининде, аталарынан үйрөнгөндөрү менен жашоону чечкен адамдар өз араларында маанилүү көрүлгөн, жашоолорунун ичине сиңген бул жалган диндин өкүмдөрүнө кийлигишүүнү каалагандарга өтө каршы чыгышат. Аларга чындыктарды алып келген ыймандуу кишилердин ыраазылыгына жетүүгө аракет кылган адамдар менен болгон мамилелерин бузушун жана бул жалган диндин эрежелерин тебелешин каалашпайт. Чын ниеттүү, ыймандуу кишилер сабырдуулук менен айтып берген чындыктарды «буларды бир эле сен түшүндүңбү, ушунча адам жаңылышып жатабы, ушул кезге чейин эч ким байкабай эми сен байкадыңбы...» деген сыяктуу караңгы жооптору менен танганга аракет кылышат. Себеби алардын негизсиз ишеними боюнча, «чындыктарды сен эле байкадыңбы» деп каршы чыгуу ал адамды басынтып, анын өзүнө болгон ишенимин азайтат. (Бирок бул ыкма алардын негизсиз ишеним системасында гана ишке жарашы мүмкүн; себеби чыныгы Мусулмандарга мындай сөздөр эч таасир тийгизбейт.) Натыйжада чындыктар жашыруун калат. Антпесе, «адамдар мен жөнүндө эмне деп ойлошот, эмне кылып аларды ыраазы кылсам, өзүмдү кантип жакшы көрсөтсөм, араларына кантип кошулсам...» деген сыяктуу ойго түшкөндө, чындыктарды билген бул кишилер аларга Аллахты жана эч кимдин Аллах алар үчүн белгилеген тагдырдан тышкары эч нерсе жасай албашын эскертишет. Бул кийлигишүү алардын негизсиз дининин кулашы жана эрежелеринин жараксыз болуп калышы деген мааниге келет.
Бирок «адамдарга сыйынуу динин» тутунгандар канчалык аракет кылышпасын, Аллах чындыктардын жашыруун калышына мүмкүндүк бербейт, жалганды сөзсүз акыйкат менен талкалап, таасирсиз кылат. Чындыкты жактаган адамдар канчалык аздай көрүнгөнү менен, Аллах аларды пикирдик жактан жеңишке жеткирет. Канчалык кысымчылык көрсөтүлсө да, аларга бекемдик менен чечкиндүүлүк берет.
Куранда пайгамбарлардын өз коомдорун жолдон адашкан жана чектен чыккан жашоолорунан тосуу үчүн берген эскертүүлөрү баяндалат. Ал адамдар пайгамбарларын жалгыздатып, алардын күчтөрү менен чечкиндүүлүктөрүн азайтууга аракет кылып, аларды бөлүшкөн. Бирок, албетте, минтип каршы чыгуулары чын ыкластуу Мусулмандарга эч качан таасир тийгизген эмес. Мисалы, Салих пайгамбар негизсиз динин таштоого чакырган коомунан төмөнкүдөй жооп алган:

«Эй Салих, мындан мурда сен арабызда өзүңдөн (жакшылык жана пайда) үмүт кылынган бирөө элең. Аталарыбыз сыйынган нерселерге сыйынуудан сен бизди тососуңбу? Чындыгында биз сен бизди чакырган нерседен күмөн санап жатабыз» дешти. (Худ Сүрөсү, 62)

Аз. Салих (ас)дын коомуна берген чечкиндүү жообу болсо Куранда төмөнкүчө кабар берилет:

«Эй коомум, пикириңер кандай айткылачы? Эгер менин Раббимден апачык бир далилим бар болсо жана мага тарабынан бир мээрим берген болсо, анда Ага баш көтөрсөм Аллахка карата мага ким жардам берет? Демек жоготуудан башка мага (эч пайда) алып келбейсиңер» деди. (Худ Сүрөсү, 63)

Муну унутпаш керек: апачык чындыктарды кээде адамдар байкабашы мүмкүн. Мындай адамдар ичинде жашаган коомунун эрежелерине карап жашоого көндүрүлгөнү жана аларды көп убакыт бою жасап келгени үчүн –Аз. Салих (ас)дын коому сыяктуу- негизсиз, жалган системаларынан кайтышы кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан жаман адеп-ахлактын өздөрүнө өтө чоң зыян тийгизгенин көрүп туруп, акыйкат жолду тандоонун ордуна жалган системанын ичинде жашоосун улантуу жолун тандашат. Дүйнөдө бейпилдикте жана бактылуу жашай ала турган бир модель болушу мүмкүн деп ойлонушпагандыктан, жамандын жакшысы деген логика менен караңгылык дининен чыгууга батынышпайт.
Чындыгында болсо адамдардын чыныгы бакыт жана кутулуу ичинде жашашы үчүн өтө оңой бир жол бар. Ал жолго түшүү үчүн убакыт бар кезде аларды эскерткен, жашап жаткан системасынын туура эместигин далилдеп берген ыймандууларга кулак салуулары керек. Ошол күнгө чейин чындыктарды эч ким көрбөгөн болушу мүмкүн экенин ойлоп, жүрөгүнүн үнүн угуп, көңүлдөрүн эч нерсе жаратууга же жок кылууга күчү жетпеген адамдардан бир гана Аллахка буруулары зарыл. Бул адамдын акылы менен түшүнүгүнүн өсүшүнө, жашоонун чыныгы максатын түшүнө алышына жана натыйжада адамдардын ордуна Аллахтын ыраазылыгын көздөшүнө шарт түзөт.
Аллах Куранда Өзүнөн гана коркуп тартынгандардын жана Өзүнө гана моюн сунгандардын кутулууга жана бакытка жетээрин төмөнкүдөй сүйүнчүлөйт:

Ким Аллахка жана элчисине моюн сунса жана Аллахтан коркуп Андан тартынса, «кутулууга жана бактылуулукка» мына ошолор жетет. (Нур Сүрөсү, 52)

«АЛЛАХТАН КОРКУУ ЫЙМАН СУЛУУЛУГУН ДА АЛЫП КЕЛЕТ»

АДНАН ОКТАР: Аллахтан коркуу деген – бул өтө катуу сүйүүдөн келип чыккан коркуу, б.а. Аллахты нааразы кылуудан тартынуу, Аллахтын ыраазылыгынан ажырап калуудан коркуу. Ашык болгон киши сүйгөнүнүн көңүлүн калтыруудан тартынат, анын сүйүүсүнүн жок болушунан тартынат, мына ушул Аллах коркуусу.
Аллахтан корксо адам Аллахтын буйруктарын эң алдыңкы планга койот, Аны өтө сүйүп, Аны урматтайт. Мисалы, эгоист болбойт, өзүмчүл болбойт, боорукер болот, башкаларды коргойт, напсисинин каалоолорун ээрчибейт.
Өз кызыкчылыктарынын артынан түшпөйт, дайыма кечиримдүү болот, Аллахтан коркуп кечиримдүү болот. Мисалы кечиримдүүлүк сүйүүнү улантуучу бир күч. Мээрим сүйүүнү улантуучу бир күч. Коргоп карайсың, жеп-ичкендерине көңүл бурасың, ден-соолугуна, спорт менен машыгышына көңүл бурасың сүйгөнүңдүн, Аллах ыраазылыгы үчүн.

Мына ушул күчтүү Аллах сүйүүсүнүн бир натыйжасы болот. Болбосо Аллахтан коркпосо киши эгоист, өзүмчүл болот, өзүн гана ойлойт, кечирбейт, кызыкчылыгына залака келгенде орой мамиле кылат. Мисалы, күмөн менен карайт, башкалар үчүн жан аябастык кылбайт, жоомарт болбойт, керек болгондо Аллах үчүн өз жанын сайа албайт. Көптөгөн жаман иштер үстүнө жыйылат. Ал эми Аллахтан корккондо болсо үстүнө ар кандай сулуулук келет, б.а. сүйүүнү камсыз кылган, жакшылыкты камсыз кылган бүт нерселер Аллах коркуусунан келип чыгат. (Аднан Октардын 2009-ж. 2-март Екин ТВ интервьюсунан)

АДАМДАРГА СЫЙЫНУУ ДИНИНИН «ДЕШСИН» ЖАНА «ДЕШПЕСИН» ЭРЕЖЕЛЕРИ


Адамдарга сыйынуу дининин негизги эрежелери «дешсин» жана «дешпесин» логикаларына таянат. Бул эрежелердин түбүндө болсо өзүн адамдарды ыраазы кылууну көздөө, адамдар каалагандай жашоо жана адамдар каалагандай мүнөздө болууга мажбурлуу сезүү жаңылыштыгы турат. Башкача айтканда, жашоосун бул туура эмес логикага таяган бир адам өзүнүн жеке эрки менен акылын колдоно албай калат. Себеби адамдардын мактоосу, жакшы көрүүсү, жакындыгы жана достугу үчүн тынымсыз калыбын өзгөртүүгө мажбур болот. «Адамдар мени мындай дешсин», «эч ким мен жөнүндө мындай деп ойлобосун» деген сыяктуу ойлор акылын колдонушуна жолтоо болуп, айланасындагы адамдардын баарын бир-бирден ыраазы кылууга аракет кылып кыйналышына себеп болот. Өз абийирин укканда эң туура экенин көргөн, ал тургай, тууралыгынан эч күмөн санабаган нерселеринде да тууранын таштап, адамдар каалагандай жашоого мажбур болот. Бирок Куранда Аллахтын ыраазылыгына таянбаган бир жашоонун ал адамды тозокко түртөөрү айтылат:

Үйүнүн пайдубалын (негизин) Аллах коркуусу жана ыраазылыгы үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн пайдубалын кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомго хидаят бербейт. (Тообо Сүрөсү, 109)

Аятта айтылган апачык чындыкка карабастан, бүгүнкү күндөгү динден алыс жашаган коомдордо Аллахтын ыраазылыгына жетүүнүн мааниси дээрлик толугу менен унутулуп калынган. Адамдардын көпчүлүгү өздөрүн Аллахтын ордуна адамдардардын алдында жоопкерчиликтүү жана көз-каранды кылып алышкан. Мунун негизги себептеринин бири болсо – бул адамдардын эч бүтпөгөн мактануу жана өзүн көрсөтүү каалоосу.

Кээ бир адамдардын мактануу жана өзүн көрсөтүү каалоосу

Адамдын напсиси макталгысы жана башка адамдарга өзүн көрсөткүсү келет. Аллах жараткан бир кул экенин жана Анын бергендери менен жашап жатканын билбеген адамдар башкалардан келе турган мактоолуу сөздөргө, колундагылар менен башкаларга көрүнүп, бой көтүрүүгө ашыкча маани беришет. Караңгылык, аңкоолук кылышып, буларга өз күчүм менен жеттим жана булар каалаганымча менин колумда болот деп ойлошот (Аллахты аруулайбыз). Куранда мындай туура эмес түшүнүк жөнүндө бакчасы бар бир адам мисал келтирилет:

(Экөөсүнөн) Бирөөнүн башка түшүм (берген жер)лери да бар эле. Ошентип аны менен сүйлөшүп жатканда досуна: «Мен мал-мүлк жагынан сенден байыраакмын, адам саны жагынан да күчтүүрөөкмүн» деди. Өз напсисине зулумдук кылып (ошентип) багына кирип: «Муну эч качан куурап-жок болбойт деп ойлойм» деди. «Кыямат саатын да келбейт деп ойлойм. Ошентсе да Раббиме кайтарылып бара турган болсом, күмөнсүз, мындан жакшыраак акыбетке жетем.» (Кехф Сүрөсү, 34-36)

Аяттарда да кабар берилгендей, бул киши колундагы багынын чыныгы ээси менмин деп ойлоп, өз оюнда аны менен мактанууда. Ал жерлерди түбөлүккө менин колумда калат деп ойлоодо. Чындыгында болсо буга Аллах өкүм берет. Аллах ал бактын жана ал кишинин тагдырында эмне белгилеген болсо, ошол болот. Аллахтан башка эч ким боло турган нерселерди өзгөртө албайт. Бирок ал бактын ээси, ыймансыз киши бул чындыкты билбегендиктен, караңгы көз-карашта ойлонуп, колундагылар менен мактанууда. Тагдырды эч ойлонбостон, багы жөнүндө жана өзүнүн келечеги жөнүндө божомолдорун айтууда. Бул жердеги максат – адамдарды байлыгына суктандыруу жана алардын мактоолорун алуу болушу мүмкүн. Булардын баарын Аллахтын ыраазылыгына жетүүдөн жогорураак койгондуктан, Аллах ал кишинин багын чоң бир кырсык аркылуу жер менен жексен кылып, ага мактанып, өзүн көрсөтө турган бир мүлк калтырбай койгон. Бактын ээси башына келген окуялардан улам капылеттик уйкусунан ойгонуп, Аллахтан башка кудайлар тутунуп күнөө кылганын түшүнгөн. Куранда бул абал төмөнкүдөй баяндалат:

(Анан) Анын түшүмдөрү (кырсыктар менен) оролду. Эми ал короткон каражаттары үчүн колдорун (кайгыруу менен) ушалап калды. Ал (бактын) чатырчалары кулаган эле, өзү болсо мындай деп жатты: «Аттиң, Раббиме эч кимди шерик кошпогонумда кана.» (Кехф Сүрөсү, 42)

Курандагы бул мисалдан да көрүнүп тургандай, мактануу менен өзүн көрсөтүүнү көздөп жашоо ыйман кылбаган бир адамдын напсисинин каалоосу болуп саналат. Мындай адамдар дүйнөнүн жаралуу максаты катары адамдардын бир-бири арасында мактанышы, өзүн көрсөтүшү, мал-мүлк жактан байышы сыяктуу баалуулуктарды түшүнүшкөндүктөн, ошолого жеткенде ийгиликке жеттим деп ойлошот. Аллах башка аяттарында мындай туура эмес түшүнүктөгү адамдарды төмөнкүдөй кабар берет:

(Мал-мүлк жана байлыктын) Көптүгү менен мактануу силерди «эңсетип алаксытып, башыңарды айлантты». «Ошентип (бул) мазарга барышыңарга (өлүмүңөргө) чейин уланды.» (Текасүр Сүрөсү, 1-2)

Чындыгында болсо, чындык көпчүлүк болууну бир артыкчылыктай көргөн мындай адамдар ойлогондой эмес. Аллах дүйнөнү адамдар бир-бирлеринен материалдык жактан жогорулукка жетиши үчүн эмес, Өзүнө кулчулук кылууда кайсынысынын жакшы иштер кылаарын сыноо үчүн жараткан. Мүлк Сүрөсүндө мындай деп айтылат:

Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты... (Мүлк Сүрөсү, 2)

Ошондуктан чыныгы ырахат ала турган, бактылуу болуп кубана турган нерселер – бул Аллахтын сүйүүсүнө жетүү максатында жасалган иштер. Себеби адам ыймандан келген кубаныч менен чындап көңүлү толот. Мактануу болсо өтө кыска убакытка созула турган жана акыретте адамга зыян алып келе турган убактылуу бир канааттануу сезими болот.
Бирок кээ бир адамдар акыйкат диндин өкүмдөрүнө карап жашоонун ордуна, Аллахтан башка нерселерди кудайлаштырган (Аллахты аруулайбыз) адамдарга сыйынуу дининде жашоо жолун тандашат. Ошондуктан кылган иштеринин баары ушул туура эмес пайдубал үстүнө отургузулат. Адамдар андан соң жашоосунун ар бир көз ирмеминде башка кишилерге өзүн көрсөтүү, колундагылары менен аларга мактануу сыяктуу иштерди жасашат. Бирок өзүн көрсөтүү материалдык жана руханий жактан адамды чоң азапка салат. Денеси менен мээсин чарчатат. Мындан тышкары, адамды өз табиятынан алыстатып, катуу, орой, амбициялуу, ачуулуу, жалганчы жана эки жүздүү бир мүнөздү көздөй түртөт. Ал тургай, бул ушундай деңгээлге жетип, адам чын ыкластан, чын жүрөктөн кылышы керек болгон ибадаттарын да башкалар мен жөнүндө такыба, ыймандуу Мусулман дешсин деп жасап башташы мүмкүн. Куранда Аллах мындай негизсиз динде жашаган адамдардын намаздарын башка адамдарга көрүнүү үчүн кылаарын төмөнкүчө кабар берген:

Мына (ушул) намаз кылгандардын абалы кандай жаман. Алар намаздарында жаңылыштыкта. Алар эл көзүнө (намаз) кылышууда. (Маун Сүрөсү, 4-6)

Мындай адамдар 5 убак намаздан тышкары, Куранда айтылган жана «муктаждыкта калгандарга өз муктаждыгынан ашып калганды берүү», б.а. садака берүү ибадатын да эл көзүнө көрүнүү, мактануу сыяктуу Аллахтын ыраазылыгынан башка максаттарда колдонушат. Куранда мал-мүлкүн өзүн көрсөтүү үчүн садака кылгандардын абалы төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Эй ыйман келтиргендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенбестен, адамдардын көзүнө (мактануу үчүн) мал-мүлкүн садака кылган сыяктуу милдет (садака берилгендерден бир нерсе үмүт кылып) жана (аларды) басмырлап садакаларыңарды жараксыз (соопсуз) кылбагыла. Мындайдын абалы үстүндө топурак турган бир таштын абалына окшойт; үстүнө себелеген бир жамгыр жааса эле, аны (ал ташты) жыпжылаңач кылып койот. Алардын тапкандарынан эч нерсеге күчтөрү жетпейт (ала алышпайт). Аллах каапырлар коомун туура жолго баштабайт. (Бакара Сүрөсү, 264)

Аяттарда айтылгандай, адамдын Аллах ишенимине башка адамдардын ыраазылыгын кошушу ал кишинин ыкласын жок кылат. Адамды Аллахтын алдында эки жүздүү бир адам кылат. Адамдардын ал жөнүндө эмне дешине маани берип, ыйманын мактануу, өзүн көрсөтүү сыяктуу напсисинин каалоолору менен кирдетиши анын жүрөгүн катуулаштырат. Дүйнөдөгү кызыкчылыктары үчүн жашаган бир адамга айланышына себеп болот. Адамды Аллахтан коркуу сезимин жоготкон, Ал бере турган азаптан бейкапар бир адамга айлантат. Андан соң болсо Аллах ыраазылыгы үчүн көрсөтүшү керек болгон көптөгөн адеп-ахлак өзгөчөлүктөрүн, бир соода-сатыктай көрүп, өзүнө дүнүйөлүк кызыкчылыктар алып келиши жана бир катар мүмкүнчүлүктөрдүн жолун ачышы үчүн колдонуп баштайт. Адамдарга сыйынуу дининде ар бир адам ушул эрежелерге карап өмүр сүрөт. Алдыда бул туура эмес логикалар күнүмдүк жашоодон мисалдар аркылуу айтып берилет.

«ДЕШСИН» ЭРЕЖЕСИНИН ТУУРА ЭМЕСТИГИ

Караңгы коомдо адамдар өздөрүн дайыма «адамдардын айта турганы, айткандары, айтышы керек болгондор» логикаларынан көз-каранды жашоого мажбур сезишет. Мунун натыйжасында Аллахты ойлонуудан, жакшы иштерди жасоодон алысташат. Ойлору динден жана дин алып келчү бейпилдиктен алыс болот. Чоң бир башаламандык менен талаштар, тууралар менен туура эместер бир-бирине аралашкан бир дүйнөнүн ичине киришет.
Бул туура эмес логика боюнча, өкүмдарлык жана эреже коюу укугу бир гана адамдардын колунда. Аллахтын буйрук менен тыюулары адамдардын жашоосунан бир-бирден чыгарылган. Ушул себептен акыйкат диндин талаптарын жашоосуна киргизген, Аллахтын ыраазылыгынан башка эч бир күчтүн пикирине маани бербеген бир киши заматта байкалып калат жана караңгы адамдардын терс мамилелерине туш болот. Бирок, албетте, чын ыкластуу бир адам алардын терс мамилелерине эч маани бербейт, себеби бир гана максаты бар: дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгына жетүү.
Бирок адамдарга сыйынуу дининин «адамдар эмне дейт, эмне деп ойлоп калат» деген сыяктуу критерийлери ыйманы алсыз кээ бир адамдарга да таасир тийгизиши мүмкүн. Бул болсо толугу менен Куранга карап жашай албашына жана кылган иштери жактан чыныгы Мусулмандарга караганда көбүрөөк бул негизсиз диндин мүчөлөрүнө окшошушуна себеп болот. Мындай адамдар «жашоо ушундай» деген алдамчылыктын таасири астында, өмүр бою диндин толук ичине кирбестен, туура эмес бир түшүнүктө жашашат. Куранда ыймандык жактан жүрөктөрүндө оорусу бар мындай адамдар төмөнкүчө кабар берилет:

Ортодо олку-солку болуп турушат. Алар менен да эмес, булар менен да эмес. Аллах кимди адаштырса, сен ага жол таба албайсың. (Ниса Сүрөсү, 143)

Жугуштуу бир оору сыяктуу адамдарды таасири астына алган бул жасалма дин эрки күчсүз адамдарды Аллахты эстөөдөн, Анын ыраазылыгын көздөөдөн алыстаган адамдар жыйындысына айлантат. Бирок алардын мындай туура эмес түшүнүгү көпчүлүктүн таасири менен өздөрүнө ушунчалык туурадай сезилгендиктен, анын ичинен чыгууга аракет да кылышпайт.
Ошондуктан өз мүчөлөрүн да, ыйманы алсыз кээ бир адамдарды да таасири астына алган бул жасалма диндин негизги логикаларын мисалдар менен түшүндүрүп кетүү туура болот. Натыйжада адамдар өздөрүнүн туура эмес түшүнүктө жүргөнүн көрүшүп, чын ниеттүүлөр бул негизсиз динден Аллахтын каалоосу менен кутула алышат. Алдыда адамдарга сыйынуу дининин ичиндеги «дешсин» логикасынын кээ бир туура эмес калыптарынан мисал келтиребиз.

«Жакшы мүнөздүү» дешсин түшүнүгү

Куранда жакшы мүнөздүү болуунун маанилүүлүгүнө көп аяттарда басым жасалат. Пайгамбарлардын жакшы жана жумшак мүнөздүү болушканы, жамандыкка жакшылык менен жооп берген, сабырдуу, акылдуу, Аллахтан өтө корккон адамдар болгону айтылат. Мисалы, Аз. Ибрахим чын ниеттен Аллахка бурулуп, сонун мүнөзү менен алга чыккан бир пайгамбар катары төмөнкүдөй таанытылат:

Чындыгында Ибрахим жумшак мүнөздүү, сезимтал жана чын көңүлдөн (Аллахка) бурулган адам эле. (Худ Сүрөсү, 75)

Бүт пайгамбарлардын жана чын ыкластуу ыймандуулардын мүнөздөрүнүн негизин Аллахка болгон терең моюн сунуучулугу түзөт. Ыймандуулар – бир гана Аллахка кулчулук кылган, Анын ыраазылыгынан башка эч кимдин ыраазылыгына маани бербеген адамдар. Эң негизгиси – бул бүт ааламдын Жаратуучусу Аллах жактырган сонун мүнөздүү болуу. Ошондуктан жакшы мүнөздүү болушунун негизинде да Аллахтын сүйүүсүнө жетүү максаты турат. Ал эми караңгы адамдар үчүн система тескерисинче болот. Адамдарга сыйынуу дининде жашаган бир киши эрежелерин жаткан билген бул негизсиз диндин талаптарын орундатып, өздөрү айткандай «адамдардын көңүлүнө карап шербет берип» жашоону туура көрүшөт. Жакшы мүнөздүү болсо да анын негизинде адамдардын ыраазылыгы, күткөн материалдык баалуулуктары сыяктуу өзүнүн жеке кызыкчылыктары турат.
Мындай максаттарына жана күсөгөн кызыкчылыктарына жетүү үчүн болгон аракетин жумшайт. Дээрлик эч ката кетирбей, жакшы мүнөздүү болот. Мисалы, керек болсо жакырларга жардам берип, өзүн боорукер көрсөтөт, чынчылдыктын кандай жакшы мүнөз экенин башкаларга айтып берет. Жөнөкөй киши болуп көрүнөт. Жамандыктын адамдарга канчалык чоң зыяндар алып келээрин айтат. Өтө кубанычтуу, баарын жакшы көргөн жана сабырдуу болуп көрүнөт. Адамдар бул көрүнүшүнөн улам ага ишенип, жакшы көрүп, аны менен достошушат. Канчалык жакшы мүнөздүү бир адам экенин башка адамдарга да айтышат. Кандай жардамдарды кылганын, жакыр бир жаш баланы көргөндө канчалык мээримдүүлүк көрсөткөнүн, жолдогу карыяга кандай урмат көрсөткөнүнө чейин кылгандарынын баарын бир-бирден мисал келтиришет. Жолдон таап алган бир капчыкты полицияга тапшырганын, буту ооруганына карабастан автобустагы орунун кош бойлуу бир аялга бергенин, жумушта кармалып көпкө иштесе да эртеси күнү дал өз убактысында ишине келгенин жана чарчаганын эч байкатпаганын бир-бирине айтып беришет. Ал киши да адамдар мени «жакшы мүнөздүү, иштемчил, мээримдүү, чынчыл» дешсин деп булардын баарын болгон аракети менен жасайт.
Башка бир киши майрам күндөрү карыялар үйүнө барып, ал жердеги адамдарга кичинекей белектерди берет. Жетим балдар үчүн курулган бир жерге ар кандай буюмдарды белек кылат. Анан бул кылгандарына башка адамдар күбө болушу үчүн жакын чөйрөсүндө ыңгайын таап бул кылгандарын айтып берет. Мындайча айтканда, өзүн реклама кылат. Же оорукананын бир бөлүгүн жаңылоого каражат берет.
Албетте, бул жерге чейин берилген мисалдар чындыгында жакшы иштер. Бирок булардын баарынын Аллахты ыраазы кылуу максатында жасалганда гана бир мааниси болот. Эгер адамдардан мактоо алуу, суктандыруу максатында жасалып, «жакшы, жоомарт, абийирлүү» дешсин деген ниетте болсо, анда бул кыска бир дүнүйөлүк кызыкчылыктан башка кишиге эч кандай пайда алып келбейт. Себеби шарттар татаалдашып, киши мындай иштеринен улам зыян көрүп же эч пайда көрбөгөнүн түшүнүп баштаганда бул жакшылыктарын заматта токтотушу мүмкүн. Ал эми Аллах ыраазылыгы үчүн жасалгандар болсо туруктуу болуп, эч кандай шартка жана чөйрөгө карабастан улантылат.
Болгондо да, адамдын катасынан кайтып ниетин оңдошу да өтө оңой. Адамдарга сыйынуу динине моюн сунуунун өзүнө зыяндан башка эч нерсе алып келбегенин түшүнгөн кишинин тообо кылып, Аллахтын ыраазылыгына ниет кылышы жетиштүү болот. Бул бир заматтык бир чечим жана андан соң киши ниетин бузмайынча, кылган жакшылыктары текке кетпейт жана өзү үчүн бир сыйлык катары Аллах Кабатында жазылат. Негизгиси, адам Аллахтан коркуп, Анын каалоолорун орундатууга ниет кылышы керек.
Адамдын Аллахтын кудуретин таануу жана Андан чындап коркууда чечкиндүү болушу да өтө маанилүү. Себеби Аллахтан коркпогон бир адамдын эмне кылаары, кандай чечимдерди алаары белгисиз болот. Андай киши жакшылык кылып жатып, кызыкчылыгы талап кылса бир заматта жаман мүнөздүү бир адамга айланып кетет. Мындай мамилесинен улам Аллахтан бир жаза алып калышы ыктымал экени оюна келбейт. Бир жума такыр башка бир мүнөздө жүрүп, экинчи жумада ал мүнөзүнөн эч нерсе калбай калышы мүмкүн. Адамдарга сыйынуу дининин эрежелерине ылайык жамандыкка жамандык, адилетсиздикке адилетсиздик менен жооп берип башташы ыктымал. Ишенген негизсиз, жалган дининин таш боор мыйзамдарын өзү да жасап баштайт. Себеби, жогоруда да айтылгандай, бул жалган динде бир гана адамдар «кудай» катары кабыл алынып, адамдардын гана ыраазылыгы максат кылынгандыктан (Аллахты аруулайбыз), абийир механизми да адамдарга карата жөнгө салынат. Ошондуктан Аллахтын адамдардан кандай мүнөздү каалаарын эч ким ойлоп да койбойт. Ал эми Мусулмандар болсо жамандык кылган, адилетсиздик менен өкүм берген адамдарга, таш боор, заалым, абийирсиз кишилерге да жакшы мамиле менен жооп беришет. Эч бир шартта Аллахтын ыраазы болоору үмүт кылынган жакшы мүнөзүн ташташпайт.
Ошондуктан ыймандуулардын жакшы мүнөзүндө эч качан тескериге бурулуу же артка кетүү болбойт, дайыма токтоо жана адамгерчиликтүү болушат. Себеби алардын жашоо максаты Аллахтын сүйгөн кулдарынан болуу ниетине таянат. Аллах Куранда мындай мүнөздү адамдарга төмөнкүдөй баян кылат:

Жана алар Раббилеринин жүзүн (ыраазылыгын) каалап сабыр кылышат, намазды туптуура кылышат, аларга ырыскы катары бергендерибизден жашыруун жана ачык садака кылышат жана жамандыкты жакшылык менен токтотушат. Мына ошолор, бул мекендин (дүйнөнүн сонун) акыбети (акырет бакыты) ошолор үчүн. (Рад Сүрөсү, 22)

«Бай, жоомарт, акча сарптаганды сүйөт» дешсин түшүнүгү

Адамдарга сыйынуу дининде адамдардын байлыгына өтө маани берилет. Бул жасалма динде байлык күч дегенди билдирет. Бул күчтү колунда кармаган адам коомдо өтө маанилүү бир катар артыкчылыктарга ээ болушу керек. Эң бай киши эң көп сыйланып, эң көп досу болгон, эң суктаныла турган киши катары көрүлөт. Мындай киши байлыгым мага бүт эшиктерди ачат деп ойлойт. Ошондуктан эл арасындагы кээ бир адамдар ушул тарабын алдыңкы планга чыгаруу үчүн болгон аракетин жумшашат. Адамдар ал жөнүндө канчалык бай жана акча сарптаганды канчалык жакшы көрөт деп ойлошу үчүн көптөгөн иш-аракеттерди жасашат. Акчаларын байлыгын көрсөтө турган багытта коротуудан эч өздөрүн тартышпайт. Адамдардын пикирин жакшылап бекемдөө үчүн байлыгын көрсөтө турган кийим, машина, үй сыяктуу нерселерди алганда жоомарт болушуп, ал тургай ысырапкорчулук кылышат. Үйлөрүнүн жасалгасын байлар, өзгөчө алдыңкылар деп сыпатталган кишилер барктай турган критерийлерде жасаганга өтө көңүл бурушат.
Ал кишилер ошол жылы жасалгалоодо жашыл түстү тандашса, эч жактырышпаса да, алар да жашылды колдонуп, кызыл мода болсо кызылды тандашат. Эч кайсы тараптан алардан кем болгулары келбейт. Муну бир намыс маселесине айландырышат. «Дешсин, ойлошсун» деген логиканын таасири астында, бүт өмүрлөрүн байлыктарын көрсөтө турган иштерди жасоо менен өткөрүшөт. Жайкы эс алуусун ошол жылдын эң мода эс алуу жайында, кышкы эс алуусун эң мода лыжа борборунда өткөрүшөт. Балдарын чет өлкөдө окутуп, кийимдерин белгилүү өлкөлөрдөн алдырышат. Чөйрөсүндөгү кишилер «алардыкы да бар» дешсин деп эң кымбат яхтаны алып, өздөрү түшпөсө да бир портто байлап, адамдарга көрсөтүшөт. Эң теңелгиси келген кишилерин ошол яхталарда кыдыртышат. Эң кымбат ичимдиктерди, эң кымбат тамактарды сунуп, эч кайсы тараптан алардан артта эмес экенин баса көрсөтүшөт.
Албетте, адамдын мүмкүнчүлүгү бар болсо жана ырахат алып жатса, мындай иштерди жасашынын эч зыяны болбойт; тескерисинче эгер буларды чындап каалаганы үчүн жасап жатса, булар бир немат-жакшылык болот. Бул жерде негизгиси – бул кээ бир адамдардын туура эмес түшүнүгү. Андай адамдардын бир гана максаты бар: адамдардын аларды «бай, жоомарт, акча сарптаганды сүйөт» деши. Муну угуу ал кишилерге напсилик ырахаттануу берип, маанайларын көтөрүп, мотивацияларын жогорулатат. Антпесе, өздөрүн өтө жаман сезишет; маанайлары чөгүп, пессимисттикке кабылып, эч нерседен ырахат ала алышпайт. Бирок ушул эле кишилерге адамдарга динди жеткирүү жана Аллахка ыйман кылгандардын саны көбөйүшү үчүн аракет кылуу сунушталса, чоң ыктымалдык менен бул сунушту кабыл алышпайт. Себеби караңгы түшүнүктө болушкандыктан, Аллахтын ыраазылыгына жетүү адамдардын ыраазылыгына жетүүчөлүк аларга жагымдуу сезилбейт. Мында дүнүйөлүк бир кызыкчылык ала турган, өз чөйрөсүнө таасир бере турган, алардын мактоосуна жете турган бир тарапты көрө алышпайт.
Бирок адам акырет күнү бүт мүлкүнөн ажырап, Раббибиздин алдына жалгыз барат. Ыраазылыгына өтө маани берген, «кудайдай» көргөн, жагынуу үчүн колунан келген аракетинин баарын жумшаган адамдары болсо артында калат. Ал адамдардын эч бири ага бир аз да жардам бере алышпайт жана аны Аллахтан коргой алышпайт. Аллах бул жалган диндин мүчөсү болгон адамдарга акыреттеги абалдарын төмөнкүдөй кабар берет:

Ант болсун, силерди алгач жаратканыбыз сыяктуу (бүгүн да) «бир бирден, жападан жалгыз (абалда) Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди аркаңарда калтырдыңар. Араңардан чынында шериктер деп ойлогон шапаатчыларыңарды эми жаныңарда көрбөй турабыз. Ант болсун, араңардагы (байланыштар) талкаланып-үзүлдү жана (алар) жөнүндө күмөн кылгандарыңар силерден алыстады. (Энъам Сүрөсү, 94)


«Анын досу» дешсин түшүнүгү

Бул жалган динде жашаган адамдар көбүнчө сулуу, жарашыктуу, бай же атактуу болгону үчүн бир кишини дос кылышат. Алар үчүн ал кишинин мүнөзүнүн эч кандай мааниси болбойт. Мисалы, абдан сулуу бир кыздын курбусу деп таанылуу үчүн анын бүт каприздерине чыдайт. Айланасында мактануу, өзүн ал кыздын эң жакын досу дедиртүү үчүн аракет кылат. Аны менен чогуу жүргөндөй көрүнүү үчүн аракеттенет.
Бул бир бай киши менен достошкон ушундай түшүнүктөгү кишиге да тиешелүү. Аны менен сүйлөшүп же бир столдо отуруу, чогуу күлүү, ал кишинин ага аты менен кайрыла турганчалык жакын болушу, ага тамаша айтышы, телефон чалышы, үйүнө келиши же ал кишинин машинасына минип жатканын адамдардын көрүшү аны сыймыктандырат. Адамдардын ал жөнүндө «ал бай кишинин досу, кандай жакшы, кандай жолдуу киши» дешээрин ойлогон сайын мунун дүйнөдөгү эң негизги ийгиликтеринин бири деп ойлойт. Өзүн ал кишинин досу болгону үчүн өтө маанилүү бир адамдай сезет. Ошондуктан анын бүт каприздерине, кээде заалымдыгына жана өзүмчүлдүгүнө адамдар «анын досу» деп таанышы үчүн гана чыдайт. Чындыгында болсо, адам Аллах ыраазылыгын көздөп достук курушу керек. Себеби адам издеген күч менен кадыр-баркына Аллахка кулчулук кылуу менен гана жете алат. Куранда адамдар издеген бүт күч менен кадыр-барктын Өзүнө тиешелүү экенин Аллах төмөнкүдөй кабар берет:

Алар ыймандууларды коюп, каапырларды дос (вели) кылышат. «Күч-кубат жана кадыр-баркты» алардын жанынан издеп жатышабы? Күмөнсүз, «күч-кубаттын жана кадыр-барктын баары» Аллахка тиешелүү. (Ниса Сүрөсү, 139)

Жогоруда айтылган максаттарды көздөп курулган дүнүйөлүк достуктардан болсо адам зыян тартып жана уят болуп гана чыгышы мүмкүн. Адамдардын көңүлүн буруу, артынан суктанып сөз кылуулары үчүн курган мындай достуктары эч бир күтүүсүнө чындап жооп бере албайт. Ал адам Куран менен жашамайынча андан чыныгы бир достукту, жакындыкты, туруктуулукту эч качан көрө албайт. Дүйнөдө бир катар кызыкчылыктарга жеткендей көрүнсө да, Курандан алыс жашаган бир дос адамдын акыретте чоң жоготууга туш болушуна себеп болот. Аллах бул чындыкты Куранда төмөнкүдөй кабар берет:

Чындыгында булар туура жолдон тосушат; алар болсо өздөрүн чындап туура жолдомун (хидаяттамын) деп ойлошот. Аягында Бизге келгенде: «Аттиң, сени менен менин арабыз эки чыгыштай (чыгыш менен батыштай) алыс болгондо кана. Кандай жаман жакын дос (экенсиң сен)» дейт. (Зухруф Сүрөсү, 37-38)


«Дайыма эң туурасын ал билет» дешсин түшүнүгү

Адам алсыз бир жандык жана Аллах ал үчүн белгилеген тагдырдан чыга албайт. Себеби ааламдагы бүт нерселер Аллах белгилеген тагдыр менен жашайт. Аллах Куранда Камер Сүрөсүндө «Эч күмөнсүз, Биз бүт баарын тагдыр менен жараттык» (Камер Сүрөсү, 49) аяты аркылуу бул чындыкты кабар берет.
Адам Аллах кандай белгилеген болсо, ошондой өмүр сүрөт. Мисалы, каерде эмне ката кетирээри же каерде ийгиликтүү, каерде ийгиликсиз болоору алдын ала белгилүү жана убактысы келгенде алар башына келет. Кандай чараларды көрсө да, тагдырдын тышына чыга албайт. Эгер бир эле катаны 500 жолу жасаарын Аллах тагдырда белгилеген болсо, эмне гана кылбасын, ал катаны мындан аз да, көп да кетире албайт. Толук 500 жолу кайталайт. Ошондуктан, бир адамдын өмүр бою бүт нерсенин эң туурасын кылам, эң туурасын билем деши эч туура болбойт.
Бирок Аллахка ишенбеген жана бүт аалам кокустуктар натыйжасында пайда болгон деген жаңылыш пикирдеги бир адам бул апачык чындыкты кабыл ала албайт. Натыйжада адамдарга таасир берүү өз колумда деп ойлойт. Бул туура эмес ишеним аны адамдарга өзүн далилдөө үчүн жан-алакетке түшүшүнө түртөт. Бүт баары бүт нерсенин эң туурасын ал билет деп ойлошу үчүн ушунчалык мээлүүлүк кылышы керек болот.
Мисалы, бир киши экономика темасында адисмин десе адамдар «ал экономика тууралуу баарын билет» деши үчүн бул темада узатылган бүт суроолорго туура жооп бериши керек болот. Бул үчүн болсо түнү-күнү окуп, изденип, кабарларды окуп турушу керек. Же тарых боюнча адисмин десе, дүйнөнүн саясий тарыхындагы маанилүү бир окуянын так убактысын, кимдер арасында болгонун терең билиши керек болот. Бул үчүн да кайра эле көп жылдар бою окуп, изилдениши керек. Булар эле эмес, эгер спортто кыйынмын десе, күн сайын бир канча саат машыгып, ар бир жарышта утушу, бул үчүн керек болсо социалдык жашоосун, досторун, үй-бүлөсүн экинчи планга коюшу керек болот. Бирок булардын баары дүнүйөлүк максатты гана көздөйт. Албетте, минтип аракеттенүү жана дүйнөдө ийгиликке жетүү да жакшы нерсе. Бирок бул ийгиликке жетүү үчүн Аллахтын ыраазылыгы унутулуп калса, бул ал адамга зыян алып келет. Адам бул дүйнөдө белгилүү бир ийгиликке жете алса да, акыретте Аллах ыраазы боло тургандай өмүр сүрбөгөнү үчүн –Аллах кечирбесе- акыретте түбөлүк жоготууга туш болот.
Болгондо да, адам Аллах алдында өтө алсыз. Өмүр бою кандайдыр бир тармакта өтө ийгиликтүү болгон бир адам бир күнү эч күтпөгөн бир окуяга туш болуп, ал ийгилигинен ажырап калышы мүмкүн. Мисалы, дүйнө саясаты темасында өтө илимдүү, дайыма адамдар кеңеш сурап кайрылган бир адам бир күнү бир оорудан улам эч нерсе эстей албаган, алсыз бир адамга айланышы мүмкүн. Мындан тышкары, Аллахтын чексиз илими алдында адамдын билгендеринин эч нерсе болбой калаарын унутпаш керек. Себеби адамдын билгендеринин баарын ага үйрөткөн да Аллах. Муну унутпаш керек: «... ар бир билгенден жакшыраак билген дагы бирөө бар.» (Йусуф Сүрөсү, 76) Эң улуу жана чыныгы илимдин ээси болсо – бул Улуу Раббибиз. Ошондуктан бүт нерсенин эң жакшысын билем, белгилүү тармакта өтө ийгиликтүүмүн деген ар бир адам ал аракеттеринен тышкары, Аллах ыраазы боло турган, жакшы мүнөздүү бир кул болуу үчүн аракет кылышы зарыл. Чыныгы кутулууга ошондо гана жетиши мүмкүн.

«Ар кандай чөйрөгө көнүп кетет» дешсин түшүнүгү

Китептин башынан бери айтып келе жаткандай, караңгы коомдо жашаган көп кишилер өзүн ичинде жашаган социалдык коомунун эрежелерине жана жашоо формасына моюн сунууга мажбурлуу сезет. Ал чөйрө андан эмне күтсө, кандай адам моделин көргүлөрү келсе, ошондой болууга аракет кылат. Көбүнчө Куранга карама-каршы келген же өзүнө зыян бере турган нерселерди кылуудан да тартынбайт. Адамдарга сыйынуу дининин бир ибадатындай болгон «ар кандай чөйрөгө ылайыкташа алат» дешсин түшүнүгүнө карама-каршы келбөөгө аракеттенет.
Мисалы, сылык мүнөздүү бир өспүрүм достору бузулган жана орой болсо, өзү андай болбосо да аларга окшошконго аракет кылат. Топтон бөлүнүп калбаш үчүн, алар айткандай «апасынын баласы», «мээси жок» сыяктуу сөздөргө туш болбош үчүн терс иштерди жасап баштайт. Же досторум тамеки тартат деп, ден-соолугуна зыян берээрин билип туруп, ал да тамеки тартып баштайт. Ал тургай, кээде бир адам Аллахка ишенип туруп, өз чөйрөсү динчил болбогону үчүн аларга өзүн башкача көрсөтөт. Ал чөйрөдөн бөлүнүп калбаш үчүн ибадаттарын кылбай баштайт. Бирок булардын баары адамдарды ыраазы кылуу, аларга жагынуу үчүн жасалат. Муну жасаган кишилер дүйнөдө жана акыретте тарта турган зыянын сөзсүз ойлонуп, Аллахка сурак бере турган күндөн коркуп-тартынышы керек.
Социалдык чөйрөгө ылайыкташуу шылтоосу менен туураларды таштоо, уятсыз иштерди көрмөксөн болуу коом үчүн да чоң кооптуулук жаратат. Өзгөчө жаштардын арасындагы адеп-ахлактык бузулуунун түпкүрүндө ушул туура эмес түшүнүк турат. Мындай чөйрөлөрдө баңгизат колдонгон, алкогольдон дарыланган же сойкулук кылып жашаган адамдардан мунун себеби суралганда, эң негизги шылтоолорунун бири катары чөйрөсүнө ылайыкташуу үчүн ошол жолго барууга мажбур болгонун айтышат.
Бирок Аллах Кабатында адамдардын башка адамдардын алдында мындай бир жоопкерчилиги жок. Аллах адамдарды Өзүнүн гана ыраазылыгын көздөөгө жана Куран менен жашоого милдеттүү кылган. Мындан башка максаттарда жасалган иш-аракеттердин баары адамдарды жаман жолго гана түртүп, табиятына терс иштерди жасашына себеп болот. Бүт өмүрү абийиринин азабын тартып, кыйналып жүрүп өтөт. Куранда Аллах жаман достор менен достошкондордун абалын төмөнкүдөй баяндайт:

Аллахтан башка өзүнө зыяны да, пайдасы да тийбеген нерселерге жалбарат. Мына ушул эң алыс бир жолдон адашуу. (Же) Зыяны пайдасынан жакыныраак болгонго сыйынат; кандай жаман жардамчы жана кандай жаман жолдош. (Хаж Сүрөсү, 12-13)

Бул жерге чейин адамдарга сыйынуу дининин «дешсин» эрежесинин кээ бирлерин карадык. Бирок бул жасалма дин, албетте, булар менен эле чектелбейт. Бул негизсиз динде жашаган адамдын дээрлик ар бир кадамы адамдар ал жөнүндө жакшы ойдо болушуна, андан ыраазы болушуна таянган. Адамдардын башы ушул түшүнүк менен толук курчалгандыктан, өмүрүнүн ар бир көз ирмеми ушул багытта өтөт. Бирок бир коомдо жашашса да, чындап ыйман кылгандар бул караңгы диндин мүчөлөрүнөн башкача болушат. Алар да тигилер менен бирдей иштерди кылып жаткандай көрүнгөнү менен, ниетинен адамдарга эмес, Аллахка багытталышкан. Алар адамдардын эч бир күчү жок экенин, бүт күчтүн Аллахтыкы экенин түшүнүшкөн. Алар да адамдарды ыраазы кыла турган иштерди жасашы мүмкүн; бирок мында да Аллахтын ыраазылыгын максат кылышат. Аллах буйругандай адамдарга жакшы мамиле кылышат; бул болсо Аллахтын ыраазылыгына да жеткирет, адамдарды да ыраазы кылат.

«ДЕШПЕСИН» ЭРЕЖЕСИНИН ТУУРА ЭМЕСТИГИ

«Дешсин» түшүнүгүндөгү сыяктуу «дешпесин» түшүнүгүндө да адамдардын ойлорун оң жакка буруу максатталат. Бул жерде да кээ бир адамдар Жаратуучубуздун ыраазылыгын, дүйнөдөгү жашоо максатын унутуп, жаратылган нерселердин ыраазылыгын негизги максат кылып алышат.
Бул түшүнүктөгү бир адам  айланасындагылар «бир машинасы да жок, өзүнүн бир үйү да жок» дешпесин деп абдан аракет кылат. Өз коомунда кадыресе кабыл алынган кандай мал-мүлктөр бар болсо, ошолорго жетүү үчүн бүт өмүрүн арнайт.
Эгер ал кишинин бир жумушу бар болсо, анда айланасына катуу көрүнүүгө аракет кылат. Башка адамдар «кол алдындагыларга да сөзү өтпөйт» дешпесин деп ишканасындагы жумушчуларга орой мамиле кылат. Башка бирөө болсо досторум мени «эч олуттуу эмес, болгондо да жөндөмсүз» дешпесин деп башка убактарда тазалыгына көңүл бурбаган үйүн алар ар келгенде жакшылап тазалайт. Түркүн түркүн тамактарды даярдайт. Бирок достору көрбөгөн жерлерде буларга эч көңүл бурбайт. Же бир адам чөйрөсүндөгүлөр аны «караңгы, эч маданияты жок» дешпесин, өздөрүнө кошушсун деп китепканасын окубаган жана окуганга ниети да болбогон китептерге толтурат. Же жайкы эс алууга барганда адамдар аны «анын эч китеп окуп жатканын көрбөдүк» дебеши үчүн колуна китеп алып, окуп жаткандай болуп көрүнөт.
Адамдарга сыйынуу дининдеги бир адам өзүн чөйрөсүнүн эрежелерине моюн сунууга мажбур сезгендиктен, алар кызыккан нерселерге да кызыккандай болуп көрүнөт. Мисалы, бай, атактуулардын чөйрөсүндө болсо жактырбаса да, үй тапшырмасындай көрүп сүрөт көргөзмөлөрүнө барат, мода көргөзмөлөрүнө катышат, машина жарыштарын көрөт жана пианино ойногонду үйрөнөт. Ал адамдар мени араларына кошушсун, бөлүп коюшпасын жана мен жөнүндө «чөйрөбүзгө туура келбейт, карама-каршы бир адам, ал бизге жакпайт» дешпесин деп гана өзүн жактырбаган иш-аракеттерге катышууга мажбурлуу сезет. (Албетте буларды ырахат алып жасап жатса, мында туура эмес эч нерсе жок; бул жерде бир адамдын жасалмалык, эки жүздүүлүк кылып жактырбаган нерсесин жактыргандай көрүнүп, өзүн жактырбаса да аларга катышууга мажбур сезиши жөнүндө сөз болуп жатат.)
Булар караңгы коомдордо болуп жаткан мисалдардын бир канчасы гана. Куран менен жашабаган ар бир коомдо, ар бир чөйрөдө, ар бир шаарда, ар бир окуу жайында бул мисалдардын ар кандай түрлөрүн көрүүгө болот. Мындай мажбурлук сезиминин натыйжасында адамдар бир-бири менен келишпеген сансыз адамдар менен эрежелердин ичине киришет. Өзүн эч чыгуу жолу жок бир азап жашоого камайт. Болгондо да, баш ийиши керек болгон эрежелер өз ичинде да карама-каршылыктарга толо болот. Адамдардын пикирлери менен каалоолору көбүнчө бир-бирине туура келбейт. Себеби ал адамдардын пикирлерин орток бир чекитте бириктире турган, бүт адамдардын табиятына жооп бере турган акылдуу бир эреже жок болот. Ошондуктан адамдарга сыйынуу динине баш ийүүгө аракет кылган бир адам эч качан максатына жете албайт, жана айланасындагылардын баарынын ыраазылыгына бир учурда жете албайт. Бирөөсүн ыраазы кыла турган бир нерсе жасаганда, бул экинчисинин нааразылыгына себеп болот. Кыскасы, бул жасалма дин адам жашоосуна толугу менен бир туюк айлампа алып келет.
Ал эми Аллах ыраазылыгын көздөгөн адамдар мындай башаламан жагдайларга кабылышпайт. Максаты бир гана Аллахты ыраазы кылуу болгондуктан, мындай кыйынчылыктарга туш болушпайт. Аллах адамдардын өз табияттарына толук туура келгендей өмүр сүрүшүн каалайт. Раббибиз бир-бири менен ынтымакта жашап, дүйнөдө да, акыретте да бейпилдикке жете турган бир жашоого багыттай турган бир жол башчы катары Куранды жөнөткөн. Куран менен жашагандар бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөөнүн чексиз эркиндигинде жашашат. Жашоолорунда башаламандыкка, карама-каршылыкка орун жок. Дайыма абийирлери менен туураны түшүнүп, эң жакшы иш-аракеттерди кылууга аракет кылат. Мындан улам руханий жактан көңүлү тоюп, бейпил, бактылуу жана дайыма позитивдүү бир маанайда болушат. Куранда бул эки топтогу адамдардын абалы төмөнкүдөй бир мисал менен салыштырылат:

Аллах (шерик кошкондор үчүн) бир мисал берди: өз ара ынтымаксыз жана пикир келишпес, аны талашкан көп ээлери бар бир адам менен жалгыз бир адамга баш ийген бир адам. Бул экөөсүнүн абалы бирдей болмок беле? Мактоолор Аллахка тиешелүү. Жок, алардын көпчүлүгү билишпейт. (Зүмер Сүрөсү, 29)

Аллах аятта кабар бергендей, адамдар арасында Аллахтын ыраазылыгын көздөгөндөр менен бир-бири менен эч ынтымагы жана орток чекити жок адамдар чыгарган эрежелерге баш ийгендердин жашоосу бирдей болбойт. Бир гана Аллахка ыйман кылган адамдар буйруктарды бир гана Аллахтан алганы жана Анын китебине моюн сунганы үчүн араларында пикир келишпестик же талаш-тартыш чыкпайт. Ошондуктан «дешсин», «дешпесин», «ойлошсун», «ойлошпосун» деген сыяктуу караңгы ойлорго кабылышпайт. Терең ойлонушат жана эң негизгисинин дүйнө жана бул жердеги адамдардын ыраазылыгы эмес, акырет жашоосу жана Раббибиздин ыраазылыгы экенине ыйман кылышат. Аллах башка бир аятта болсо адамдарга Өзүнөн башка Кудайлар тутунуунун чоң бир ката болоорун төмөнкүдөй эскерткен:

Айткын: «Силер Аллахтан башка сыйынган ортокторуңарды көрдүңөрбү? Мага айткылачы; жерден эмнени жаратышкан? Же алардын асмандарда бир шериги барбы? Же Биз аларга бир китеп берип, алардын мындан (улам) апачык бир далилдери барбы? Жок, зулумдук кылгандар бир-бирине алдамчылыктан башка эч нерсе убада кылышкан жок. (Фатыр Сүрөсү, 40)

Бирок караңгылыкта жашаган адамдарда –жогоруда терең каралгандай- бул ишеним орноп калган. Бул аларды бир тараптан «дешсин» жана «дешпесин» эрежелерине карап жашоого мажбурласа, экинчи тараптан кээ бир туура эмес иштерге түртөт. Ал иш-аракеттер төмөнкүлөр:

Калп айтууну жашоонун бир чындыгы деп ойлогондордун түшкөн абалы

Өзүн адамдарга карап оңдогон бир киши кетирген каталарын жашыруу үчүн калп айтууга мажбур болот. Себеби адамдарга сыйынуу дининде адам өзүн болушунча катасыз жана кемчиликсиз көрсөтүшү керек. Бирок адам катары көп ката кетирип, адамдардын критерийлери боюнча кемчиликтери болгону үчүн бул тараптарын калптар менен гана жашыра алам деп ойлойт. Натыйжада өзүн башкача көрсөтүү үчүн дайыма калп айтып адамдарды алдаганга аракет кылып баштайт.
Мисалы, жаңы бир окуу жайына кирген бир өспүрүм ал жерде дос чөйрөсүнө кабыл алынуу үчүн өзүн абдан бай, жакшы үй-бүлөдөн келген, өтө көп мүмкүнчүлүктөрү бар бирөөмүн деп тааныштырат. Ар бир сөзүндө бул тарабына басым жасай турган сөздөрдү сүйлөп, чет өлкөдө эс алабыз, эң кымбат жерлерде болгонмун деп калптарды айтат. Бирок булардын баарын группалаштарына көрүнүү үчүн гана ойлоп тапкан болот. Чындыктар ачыкка чыкканда болсо ал адамдын орто кирешелүү бир үй-бүлөнүн баласы экени, эч чет өлкөгө барбаганы белгилүү болот. Бирок адамдарга сыйынуу дининин шарттары ал адамды ушундай калптарды айтканга түртөт. Аны «мүмкүнчүлүктөрү көп, жакшы бир үй-бүлөнүн мүчөсү» дешсин деп ошолорду ойлоп чыгарган болот. Адамдарды алдап, өзүн адамдар күткөн критерийлерге ылайык көрсөткөн болот. Ал кезде ар бир чыгарган калпынан Аллахтын толук кабардар экенин жана булардын ар бири үчүн убактысы келгенде Раббибизге сурак бериши мүмкүн экенин ойлонбойт. Мындай мисалдар эл арасында өтө көп кездешет. Бүгүнкү күндө көп адамдар өзүн башкача көрсөтүү, жогорула, өйдө көрсөтүү үчүн калп айтат.
Чын ыкластуу Мусулмандар болсо Аллахтын ар бир кылып жатканын көрөөрүн, адамдын калп айткан учурларын билээрин унутушпайт. Чындыктарды башка адамдардан жашыра алышса да, Аллахтан жашыра албашын өтө жакшы билишет. Аллах Куранда бул чындыкты «... Жерде жана асманда эч нерсе Аллахтан жашыруун калбайт.» (Ибрахим Сүрөсү, 38) аяты аркылуу билдирген.
Бирок адамдарга сыйынуу дини көпчүлүктүн жүрөгүн Аллахтан алыстатып, аларды калп айтууга мажбурлайт. Бул жашоо формасын «жашоонун кадыресе көрүнүшү» катары көрсөтүп, уятсыздыкты адамдардын табигый бир мүнөзүнө айлантып, өз мүчөлөрүнө сиңирет. Аллахтын адамдардын ичинде купуя сактап айтпаган нерселерин билээрин көрмөксөн болушуна себеп болот. Аларды калп, эки жүздүү сөздөрдү айтканга, ичиндеги чыныгы сезимдерин жашырып, жасалма көз-караш менен караганга же калп эле жактыргандай көрүнгөнгө мажбурлайт. Булардын натыйжасында достуктарда, курдаштыктарда жана бүт адамдык мамилелерде эки жүздүүлүк өтө кеңири тарайт. Караңгылык дининде жашаган көп адамдар Аллахка ыйман кылуудан келип чыккан чыныгы сүйүүнү, жакын достукту жана чын пейилдүүлүктү эч сезбестен өмүрүн өткөрүп, аягында өлүшөт. Эч кандай кызыкчылыкты көздөбөгөн чыныгы сүйүүнү жана бейиш жашоосун ниет кылып түзүлгөн чыныгы достукту жашоосунда бир саамга да сезишпейт.

Эл көзүнө көрүнүү үчүн жашоо

Караңгылык системасында материалдык байлыктарга, күчкө, акчага, мүлккө маани берилээрин көргөн адамдар, мурдакы бөлүмдө да мисал келтирилгендей, өздөрүн айланасына алда канча күчтүү жана бай көрсөткөнгө мажбур сезишет. Мунун натыйжасында коомдо ашыкча бай көрүнүп жашаган бир адам модели келип чыгат. Мисалы, адамдарды ыраазы кылууну көздөп жашаган бир киши аны «бүт нерсенин эң жакшысы анда» дешин каалаганы үчүн нормалдуу өмүр сүрө албайт. Алган кийимдери, үйүнүн жасалгасы, жашоо формасы, баары эл көзүнө көрүнүү максатында болот. Адамдардын арасында мага суктанышсын, менин ордумда болууну каалашсын деп болушунча бай көрүнгөнгө аракет кылат. Сөздөрүн суктандыра турган, башкаларга өзүн көрсөтө тургандай кылып сүйлөйт. Адамдардын анын байлыгын артынан сөз кылып, ооздон оозго айтышын максат кылат. Ошондуктан мал-мүлкүнүн көптүгүнө басым жасай турган сөздөрдү сүйлөп, кийимдерин эң жакшы бренддерден тандаганын көрсөтө турган жолдорду издеп, көп жерлерди кыдырганын сездиргенге аракет кылат.
Адамдарга сыйынуу дининин мүчөлөрү мактануу каалоосу менен бүт өмүрлөрүн майнапсыз өткөрүшөт. Куранда Аллах мактануу каалоосунун адамдарды абдан алаксытып, чындыктарды көрбөй турган бир мастыкка салаарын төмөнкүчө кабар берет:

(Мал-мүлк жана байлыктын) Көптүгү менен мактануу силерди «эңсетип алаксытып, башыңарды айлантты». (Текасүр Сүрөсү, 1)

Билип койгула, дүйнө жашоосу жалаң гана бир оюн, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин эккендердин көңүлүнө жагат, кийин куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазылык бар. Дүйнө жашоосу – алдоочу бир кооздуктан башка нерсе эмес. (Хадид Сүрөсү, 20)

Мындай мактанууну көздөгөн адамдардын чыныгы жашоосу болсо адамдарга далилдөөнү каалаганынан такыр башкача болот. Ал адамдын чыныгы жашоосун караганыңызда бүт күнүн ашыкча кымбат буюмдар менен төшөлгөн үйүнүн эң жупуну жана кичине бөлмөсүндө өткөрөөрүн, кымбат кийимдеринин ордуна өтө жупуну, ыңгайлуу жана жөнөкөй кийимдерди тандаарын көрөсүз. Себеби анын көрүнүү каалоосу өзүнө эмес, башка адамдарга арналат. Ошондуктан адамдар аны көрбөгөн жерлерде ашыкча бай көрүнүп кыйналбай, нормалдуу жашайт. Башка адамдардын алдында эле өзүн кыйнап, өзүн кыйын көрсөтүүнү эңсеп, өзүнө өзү зулумдук кылат.
Бирок, эң негизгиси – бул адамдын айланасындагылардан мактоо алышы эмес, Куранга жана өз табиятына ылайык жашашы. Себеби табиятына карама-каршы жашоо адамды кыйнап, эрте картайтат. Курандан алыстоо адамды эки жүздүү, башка адамдарга көрүнүү үчүн гана жасалма сүйлөгөн, жасалма кыймыл-аракеттерди жасаган, чыныгы сүйүү менен урматты билбеген, жасалма бир адамга айлантат. Мындай мүнөздөгү бир адам болсо өмүр бою кыйналып, бейпил, бактылуу боло албайт. Бул болсо Аллахты унутуп Анын кулдарына кулчулук кылууга аракеттенген бир адамга Раббибиздин бул дүйнөдө берген руханий азабы болот. Акыретте болсо басмырлануу менен бушаймандык азабынын болоору аяттарда төмөнкүчө билдирилет:

Жамандыктарды жасагандар болсо, ар бир жамандыкка ошого тең бир жаза берилет. Аларды бир басмырлануу оройт. Аларды Аллахтан (куткара турган) эч бир коргоочу жок. Алардын жүзү караңгы түн каптагандай болот. Мына ошолор от тургундары; ал жерде түбөлүк калышат. Ал күнү алардын баарын бир жерге чогултуп, анан шерик кошкондорго: «Ордуңардан жылбагыла; силер да, шерик кошкондоруңар да» дейбиз. Эми аларды бир-биринен алыстатабыз. Шерик кошкондору: «Силер бизге сыйынчу (ибадат кылчу) эмес элеңер. Биз менен силердин арабызда күбө катары Аллах жетет. Чындыгында биз силердин ибадатыңардан кабарсыз элек» дешет.  Мына ошол жерде ар бир напси (жан) мурда кылгандары менен сыноого алынып, алар чыныгы кожоюну болгон Аллахка кайтарылышат. Жалгандан ойлоп чыгаргандары болсо алардан жоголуп алысташат. (Йунус Сүрөсү, 27-30)

Жасалмалык кыйынчылыктарга алып келет

Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, адамдарга жагынуу каалоосу караңгылык адамында эки жүздүүлүктү да пайда кылат. Бирок бул эки жүздүүлүк жалпы бир өзгөчөлүк катары эле эмес, адам жашоосунун бүт тарабына тараган бир жасалма мүнөздүккө айланат. Чын ниеттүү, чынчыл боло албоо, б.а. ишенгендери менен жасагандарынын бир-бирине туура келбеши ал адамдарга жасалмалык, жасалма сүйлөө, жасалма мимикалар, жасалма үн жана жасалма көздөр менен кароо сыяктуу көйгөйлөрдү жаратат.
Мындай адам күлүп жатканда андан ырахат алганы үчүн эмес, башка адамдар андан ошону күткөнү үчүн күлөт. Кунт коюп угуу талап кылынган жерлерде жүзү менен жана сөздөрү менен кунт коюп угуп жатканын көрсөткөнгө аракет кылат. Сөздөрү оюндагы чыныгы сезимдерин чагылдырбайт. Башка кишилер анын чыныгы оюн түшүнбөшү үчүн бир парда тартат. Ал парда анын бир театр актерундай роль ойношуна негиз түзөт. Бүт өмүрү ошол парданын алдында роль ойноп, чөйрөгө жана кишиге жараша калыбын өзгөртүп, маңдайындагы кишилердин каалоолоруна ылайыкташуу менен өтөт. Ар бир адамды Аллахтан көз-карандысыз, өз башынча бир жандыктардай көргөнү үчүн баарынын ыраазылыгына жетүү, ар бирине ал каалагандай коом тарабынан үйрөтүлгөн, жатталып калган жоопторду берүүгө аракет кылат. Бирок бул көрүнүш караңгы коомдордо ушунчалык кеңири тарагандыктан, адамдар кандай балээнин ичинде жашап жатканын көп байкашпайт. Жүрөктөрүн сыгып жаткан нерсенин ушул жасалма мүнөз экени да ойлоруна келбейт. Мындай жасалмалыктарды жана эки жүздүүлүктү Куран менен жашаган, адамдардын ыраазылыгын көздөбөгөн, бир гана Аллахка моюн сунган бир адам көрө алат жана бул мамиледен келип чыккан жагымсыз атмосферанын себебин аныктай алат. Адамдарга сыйынуу динине ишенип, ойдон чыгарылган эрежелерге моюн сунган башка көп адамдар болсо булардын баарын «жашоонун чындыктары», «жашоо адамга жүктөгөн жоопкерчиликтер» деген шылтоолор менен кабыл алышат. Аллах ыймандуу кулдарын эки жүздүүлүктөн, калпычылыктан келип чыккан мындай азаптан куткарат. Аларга адам табиятына ылайык жашоонун эркиндигин таттырат. Ыймандуулар каерде жана кимдин алдында, оор же кыйын кандай шартта болбосун, Аллахтын дайыма жандарында экенин билишет. Бир жерде үч адам болсо ал жерде төртүнчүнүн Аллах экенин билишет. Куранда бул чындык төмөнкүдөй кабар берилет:

Аллахтын асмандардагы жана жердегилердин баарын чындыгында билип тураарын көрбөй жатасыңбы? (Өз араларында жашыруун чогулуштарды уюштуруп) Шыбырашып жаткан үч кишинин төртүнчүсү сөзсүз Ал (Аллах); бештин алтынчысы да сөзсүз Ал. Мындан аз же көп болсун, каерде болушпасын, сөзсүз Ал алар менен бирге. Кийин кылгандарын кыямат күнү аларга кабар берет. Күмөнсүз, Аллах баарын билүүчү. (Мүжаделе Сүрөсү, 7)

Ошондуктан Аллахтан гана коркуп, Аны гана ыраазы кылууга аракет жасоо керек экенине чын жүрөктөн ишенишет. Бул күчтүү ишеним ыймандууларда адамдардын алдында болгондо да, Аллахтын алдында экенин билген, чынчыл, табигый бир мамилени пайда кылат. Аларды ар кандай жасалма сөздөрдөн жана мамилелерден, калпычыл ойлордон жана жасалма кыймыл-аракеттерден алыс кылат.

Ыйманын жашыруу аракетинин туура эместиги

Кээ бир адамдар диний ибадаттарды жасагандарды бөлүп, аларга өздөрүнүн акылсыз оюнда артта калган адамдардай караган негизсиз ишеним системасында жашаган жана Аллахка ыйман кылган кээ бир адамдар ишенимин жашырышат. Өзгөчө адамдарга сыйынуу дини кеңири тараган коомдордо адамдардын ыймандууларга терс мамиле кылышы көп адамдардын ибадаттарын жашыруун кылышына себеп болот. Ишениминен улам элден бөлүнүп калам, социалдык статусумду жоготом деп ойлогон көп адамдар дүнүйө үчүн ишенимдеринен жана натыйжада ибадаттарынан баш тартып, катачылык кетиришет. Себеби элдин көпчүлүгү Аллахты тааныбаган жана динди билбеген коомдордо дин толугу менен туура эмес таанытылат. «Караңгылык», «артта калгандык» же дүйнөдөгү ар түрдүү жетишкендиктерге каршы чыгып, миңдеген жыл илгерки бир жашоону эңсеп жашоо сыяктуу чындыкка эч коошпогон сыпаттар менен сыпатталат. Динчил адамдар да ушундай дүйнө көз-карашында болот деген стереотип өкүмчүлүк кылат.
Бул туура эмес түшүнүк кээ бир адамдардын динден жана динчилдерден тартынышына себеп болот. Ошондуктан ал адамдар дин жөнүндө маалымат алышпайт, Аллахка ишенишсе да эл арасында андай адам катары таанылууну каалабагандыктан, ыймандарын жашырышат. Адамдар чындыкты билип калса мени менен мамилелерин үзүп коюшат, натыйжада материалдык жана руханий зыянга туш болом деп ойлошот.
Бирок, чындап Аллахка ыйман кылган бир адам Курандын маңызын түшүнөт. Аллахтын кулдарынан эмне каалап, эмнелерди каалабаганын өтө жакшы билет. Чыныгы Мусулмандардын жогоруда айтылгандардан такыр башкача бир түшүнүктө болоорун түшүнөт. Диндин адамды табиятына бураарын, бүт дүйнө жана акырет жакшылыктарын ыймандууларга сунаарын түшүнөт. Куранда Аллах адамдарды караңгылыктан жана караңгы өкүмдөр чыгаруудан тосот. Аятта мындай деп айтылат:

Алар дагы эле караңгылык (жахилия) өкүмүн издеп жатышабы? Анык илим менен ишенген бир коом үчүн өкүмү Аллахтан да жакшыраак болгон ким бар?» (Маида Сүрөсү, 50)

Ошондой эле, Куранда ыймандууларга караңгы адамдардан, б.а. чындык айтып берилсе да Аллах жана дин жөнүндө өздөрүнүн мурдакы негизсиз ишенимдеринен кайтууну каалабаган адамдардан жүз бургула деп буйрулат. Ал аят төмөнкүдөй:

Сен кечирим (же жеңилдик) жолун танда, (Исламга) ылайык болгонду буйрук кыл жана караңгы-сабатсыздардан жүзүңдү бур. (Аьраф Сүрөсү, 199)

Аяттардан көрүнүп тургандай, Ислам дини караңгылык менен пикирдик күрөш жүргүзүүгө чакырат. Бул түшүнүккө жеткен адамдар маданияты жана түшүнүгү жогору болгондуктан жана Куран илимин билгендиктен, башка адамдардын алар жөнүндө эмне ойлошуна маани беришпейт. Эң туурасын жасап жатканы үчүн ишенимдүүлүк менен, бир гана Аллахтын мээримине, ыраазылыгына жана бейишине жетүүнү каалашат.

Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү максат кылгандар дүйнөдө жана акыретте кутулууга жетет
Адамдар акыйкат динде жашаганда гана акылы жана кулк-мүнөзү жайында болот. Себеби дин менен жашоо адамды дүнүйөлүк көз-карандылыктардан куткарат. Адамды Аллах жана Анын акыйкат китебиндеги буйруктарга жоопкерчиликтүү кылат. Бул адамдар үчүн өтө зор бир жеңилдик. Аллах Курандын көп аяттарында Ислам дининин оңой экенин айтат, «Жана сени оңойго ийгиликтүү кылабыз.» (Аьла Сүрөсү, 8) деп Мусулмандардын жеңилдикте ийгиликке жетээрин кабар берет. Башка бир аятта болсо жөнөтүлгөн элчилердин маанилүү бир өзгөчөлүгүнүн кыйынчылыктарды, эрежелерди, туура эмес ишенимдерди жок кылып, аларды эркин кылуу экени кабар берилет. Ошол буйруктарды уккан адамдардын кутулууга жетээри төмөнкүчө сүйүнчүлөнөт:

... ал аларды жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза, пакиза нерселерди адал, ыплас нерселерди арам кылып, үстүнөн машакаттарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ага (элчиге) ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар. (Аьраф Сүрөсү, 157)

Дүнүйөлүк чынжырлардан кутулуп, акылын караңгылыктан келип чыккан пикирлерден тазалаган, таза акылдуу бир адам гана эркин ойлоно алат. Мындай адам башка адамдардын пикирлерине жана талаптарына карабай, Аллахты ыраазы кыла турган чечимдерди гана ала алат. Себеби ал Куранда айтылган чектерди гана негиз тутат. Китептин башынан бери айтылып келе жаткандай, адамдардын ал жөнүндө эмне деши, эмне ойлошу же кандай ойдо калышына эч маани бербейт. Ыймандуу бир адам үчүн Аллахтын ыраазылыгына жетүүдөн, Ал буйругандай жашоодон башка бир жашоо формасы жок. Мына ушул чындыкты түшүнгөн чын ыкластуу ыймандуулар караңгы элдердин негизсиз диндеринин бири болгон «адамдарга сыйынуу дининде» эч качан жашашпайт.
Аллах Куранда өз элинин Исламдан алыс жашоосунан алыстап, өздөрүн Аллахка арнаган адамдар жөнүндө көп мисалдар берген. Мындай кадыр-баркка жеткендердин бири Кехф Сүрөсүндө терең баяндалган Асхаб-ы Кехф. Аяттарда мындай деп айтылат:

Биз сага алардын кабарларын бир чындык (окуя) катары билдирүүдөбүз. Чындыгында Алар Раббилерине ыйман келтирген жаштар эле жана Биз алардын хидаяттарын арттырган элек. Алардын жүрөктөрүнө (сабыр жана чечкиндүүлүктү) байлаган элек; (падышага каршы) Кыям кылышканда (баш көтөрүшкөндө) айтышкан эле: «Биздин Раббибиз, асмандардын жана жердин Раббиси; Кудай катары биз Андан башкага сыйынбайбыз, (эгер карама-каршысын) айткан болсок, ант болсун, чындыктан чыккан болобуз. Булар биздин коомубуз; Андан башкасын кудайлар кылып алышты, аларга апачык бир далил алып келиши керек эле. Демек Аллах жөнүндө оюнан жалганды чыгарып, жалаа жапкандан заалимирээк барбы?» (Араларынан бирөөсү айтты:) «Демек, силер алардан жана Аллахтан башка сыйынгандарынан бөлүнүп-ажырадыңар, анда (тоолорго чыгып) үңкүргө жашырынгыла да Раббиңер силерге мээриминен (көп көп) жаадырсын жана ишиңерден силерге бир пайданы жеңилдетсин.» (Кехф Сүрөсү, 13-16)


Тарыхта Кехф тобу сыяктуу өзүн Аллахка арнаган, туура эмес ишенимдерден жана адамдардын ыраазылыгын көздөгөн дүнүйөлүк каалоолордон кутулган көп чын ыкластуу адамдарды жараткан. Ал адамдар арасында эң көңүл бурган мисалдардын бири – бул Куранда аты аталган куттуу бир инсан, Аз. Мариям. Эмки бөлүмдө Аз. Мариямдын «ааламдардын аялдарынан өйдө кылынышына» негиз болгон бийик адеп-ахлагына токтолобуз.